Фарадейдин электролиз мыйзамдары

Фарадейдин электролиз мыйзамдарыэлектролиздин сандык мыйзамдары.

Бул мыйзамдарды Майкл Фарадей 1836-жылы аныктаган.

Жазылышы түзөтүү

m=kq= =(A/Fn)q, мында k - электродго бөлүнүп чыккан заттын электр-химиялык эквиваленти, А жана п - мол. масса жана ошол заттын иондук валенттүүлүгү, FФарадей саны.1-мыйзам: электролиз кезинде электродго бөлүнүп чыккан заттын массасы электролит аркылуу өткөн электр санына түз пропорциялуу. 2-мыйзам: түрдүү заттын е - эквивалентин электролиздөө үчүн бирдей сандагы электр заряды (к. Фарадей саны) жумшалат. Фарадеи мыйзамдары заттардын химиялык эквивалентин так аныктоо, электр тогу менен кычкылдандыруу жана калыбына келтирүү реакцияларын изилдөөдө ж. б-да колдонулат.

Булактар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4