"Фарго" (англ. Fargo) - криминалдык драманын телесериалдарынын антологиясына арналган, негизинен Ной Хоули жазган америкалык "кара комедияга" телесериалы. Шоу 1996-жылы чыккан бир тууган Коэндердин бир аталыштагы фильминен шыктанып жасалган, алар сериалда Хоули менен бирдикте аткаруучу продюсер болуп катышышкан. 2014-жылы 15-апрелде FX каналында бет ачары болгон сериал антологиянын форматында ишке ашкан, ар бир сезон бөлөк доорго жайгашкан жана бөлөк окуя жана бир аз окшоштуктар болсо да, негизинен жаңы каармандар жана актердук оюндар менен чыгат. Ар бир сезон түпнуска фильм менен жалпы хронологияны бөлүшөт.

2006-жылы биринчи сезон Билли Боб Тортнот, Эллисон Толман, Колин Хэнкс жана Мартин Фримендин катышуусу менен чыгып, аны сынчылар аны жакшы баалап тосуп алышты. Ал Эмминин көрүнүктүү мини-сериал, көрүнүктүү режиссура жана көрүнүктүү кастинг (актерлорду тандоо) премияларын утуп алган, ошондой эле он беш кошумча номинацияларды алган, анын ичинде "Көрүнүктүү чыгарма" жана бөлөк "көрүнүктүү режиссуралык номинация" менен кошо бардык төрт багыт боюнча көрсөтүүлөр бар. Ал ошондой эле "Алтын глобустун" мыкты мини –сериал же телефильм жана Торнтон үчүн мыкты актер деген сыйлыктарды жеңген.

Сериал азыркы учурда узакка созулган тыныгууда жатат, анткени Хоули башка проекттер менен алектенүүдө жана төртүнчү сезонго чыгармачыл идеялары жетишсиз. Хоули 2017-жылдын июнунда: "Мен дайыма "Дагы бир жолу Фаргону жасаштын жалгыз себеби – креативдин болушу" деген FX менен макулмун#, - деген эле, ал эми төртүнчү сезондун чыгуу мөөнөтү жөнүндө: "биз муну үч жылдан кийин карайбыз" деп билдирди.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү