Фасад
Фасад (французча facade – бет) – имараттын, курулуштун сырт жагы. Ф-дын пропорциясынын формалары, бөлүнүштөрү, декору курулуштун эмнеге ылайыкталганына, конструкциялык өзгөчөлүгүнө, идеялык маңызы жана анын архитектуралык чечмеленишине байланыштуу.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004