Фатиха сүрөсү
Фатиха1 сүрөсү (арабча: سورة الفاتحة, Бетачар) — Курандын биринчи сүрөсү.
Сүрөнүн түрү: Меккелик сүрө. Баардык ислам уламаларынын ою боюнча Фатиха сүрөсү 7 аяттан турат.
Бул сүрө Куранда орду боюнча да, жана толук түрдө бир түшкөнү боюнча да биринчи сүрө. Сүрөдө Курандын жалпы түшүнүгү берилип жана таухидди(жалгыз гана Кудайга сыйынуу) ырастоочу, динчил адамдарга жыргалчылыкты, ал эми динсиз жана күнөөлүү адамдарга катуу жаза болоорун эскертүүчү, Аллахка сыйынуу зарыл жана эки дүйнөдөгү бактылуулукка жол экенин ырастоочу сөздөр айтылат. Ошондой эле Аллахка моюн сунгандар жыргалчылыкта болоорун, ал эми баш ийбегендер зыян тартаары жазылган.
Фатиха мусулмандардын арасында эң көп колдонулган сүрө болуп, намаздын ар бир рекетинде сөзсүз түрдө окулууга тийиш.
Транскрипциясы жана кыргызча мааниси
түзөтүү1:1 بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمـَنِ الرَّحِيم
- Бисмилляhи-р-Рахмани-р-Рахим
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1:2 الْحَمْدُ للّهِ رَبِّ الْعَالَمِين
- Альхамду лилляяхи раббиль 'аалямиин.
- Ааламдардын ээси болгон Аллага2 мактоо!
1:3 الرَّحْمـنِ الرَّحِيم
- Аррахмани ррахиим.
- Ал Мээримдүү, Ырайымдуу3.
1:4 مَـالِكِ يَوْمِ الدِّين
- Мяялики яумиддиин.
- Кыямат Күндүн падышасы4.
1:5 إِيَّاك نَعْبُدُ وإِيَّاكَ نَسْتَعِين
- Ийякя на`буду ва ийякя наста'иин
- 1) Биз Сага гана сыйынып, Сенден гана жардам сурайбыз5.
1:6 اهدِنَــــا الصِّرَاطَ المُستَقِيمَ
- Ихдинаа ссырааталь мустакыим.
- Өзүң бизди туура жолго баштагын,
1:7 صِرَاطَ الَّذِينَ أَنعَمتَ عَلَيهِمْ غَيرِ المَغضُوبِ عَلَيهِمْ وَلاَ الضَّالِّين
- Сыраатал-лязийна ан`амта алейхим, гайриль магдууби алейхим ва ляддооллиин
- 1) (ошол) Сенин каарыңа калбагандар жана адашпагандарга Өзүң тартуулаган жол эле6.
Кыскача түшүндүрмө
түзөтүү- 1 Фатиха-ачуучу.
- 2 Алланын аты. Сыйынууга жалгыз өзү гана татыктуу!
- 3 Булар Алланын эң улуу сыпаттарынын экөөсү. Алланын Мээрими менен Ырайымында чек жок!
- 4 Кыямат күнү бийлик жүргүзүүчү Ал өзү гана. 78-сүрөнүн 38-39-40-аяттарын караңыз.
- 5 Ушул сөздү намаз окуган адам кеминде 32 жолу кайталайт. Бирок ага маани береби?! Ал бир Аллага маалым. Биз эмнеге муктаж болсок да, дароо Аллага кайрылууга тийишпиз. Ушул күндө адамзатка сыйынуучулар көбөйдү. Мисалы: бир жумушун бүтүрүү үчүн тааныш издөө, пара бермей, кошомат кылуу ж.б.у.с.
- 6 Иудейлер менен христиандар; бири Алланын каарына калса, экинчиси адашкандар. Демек, алардын жолу туура эмес.
Колдонулган адабият
түзөтүү- "Ыйык Куран маанилеринин кыргызча котормосу". Baski Erkam Matbaasi-2006. - ISBN 9967-23-409-1
- Которгондор:Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садибакас Доолов, Садык Гавай
- Текшергендер:Кимсанбай 9Абдурахманов, Камил Абжапаров
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- Фатиха сүрөсү // QuranAcademy.org
Муруңку сүрөө: — | Сүрө 1 — Арабча текст | Кийиңки сүрөө: Аль-Бакара |