Людвиг Фейербах

Фейербах, Людвиг Андреас‎»‎ барагынан багытталды)
Фейербах, Людвиг Андреас

Өмүр баяны

түзөтүү

Лю́двиг Андре́ас фон Фейерба́х - (1804—1872ж) — немис философу. Баварияда, юристтин үй-бүлөсүндө туулган. Гейдельберг университетинде теология факультетинде окуйт, бирок көпкө узабастан Берлинге кетет да, ал жерде Гегелдин лекцияларын угат, Гегель ага күчтүү таасир берген. Диссертацияны коргогондон кийин Эрланген университетинде окутуучу болуп иштейт. Жашыруун ат менен басылып чыккан «Өлүм жана өлбөстүк жөнүндө ой» деген чыгармасында жандын өлбөстүгү жөнүндөгү ишенимге каршы багытталган идеяларды өнүктүрөт. Бул чыгармасы үчүн ал кызматтан бошотулат.

Үйлөнгөндөн кийин аялы фарфор фабрикасынын ээси болгон жердеги кыштакта жашап турат. Ал жерде такай 25 жыл жашайт. Фабрика банкрот болгондон кийин Нюрнбергдин жанына көчүп келип, оор материалдык муктаждыкты башынан өткөрөт.

Өзүнүн философиясын Фейербах келечектин философиясы деп атаган, анткени ал жаратылыштын баласы болгон адамдын акыл-эсин реалдуу субьект катарында караган. Ал өзүнүн эмгектеринин бирин дал ушундайча атайт: «Келечектин философиясынын негизги жобосу» (1843). Мындан башка да төмөнкүлөрдү жазган: «Гегелдин философиясын сынга алууга карата» (1839), «Христианчылыктын маңызы» (1842), «Философияны реформалоого карата алдын ала тезистер» (1842).

Адамды Фейербах «философиянын бирден бир, универсал жана эң жогорку предмети» катарында карайт [Танд.филос.чыгарм. 1-том. 202-6.].

Фейербахтын философиясы

түзөтүү

Фейербах философия сезимдик маалыматтарга таянууга жана табият илимдери менен союз түзүүгө тийиш деп эсептейт. Философия динди алмаштыра алат, ал адамдарга көңүл сооротуунун ордуна бактыга жетишүү ишинде өзүнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүүгө жардам берет. Ал философия антропология, б.а. адам жөнүндөгү окуу болууга тийиш. Адамдын ишмердигин, айрыкча физиологиясын изилдеген конкреттүү илимдер ойломдун материалдык процесстер менен ажырагыс байланышын, анын жаратылыштан бөлүнбөстүгүн көрсөтүп турат. Жаңы философия,— Фейербах өзүнүн философиялык системасын ушундай түшүнөт,— адамды да, жаратылышты да философиянын бирден бир предметине айландырып, демек, антропологияны, анын ичинде физиологияны да универсалдуу илимге айландырат.

Дуализмди тануу

түзөтүү

Фейербах жан менен дененин дуализмин танат, руханийлик менен материалдыктын, субьективдүүлүк менен обьективдүүлүктүн, ойлом менен бытиенин биримдигин ырастайт. Адамдын маңызы, Фейербахтын оюнча, анын башынан өтө тургандардын көп түрдүүлүгүндө. Коомдук аң-сезимдин ар түрдүү формаларын алардын реалдуу мазмуунунун позициясынан карайт. Дин да фантастикалык образдар менен гана иши болсо да, реалдуу мазмуундан ажыраган эмес. Ошентип, Фейербах негизинен адамдын сезимдик табиятын, бардык адамдардын антропологиялык бирбүтүндүгүн баса белгилейт.

Өзүнүн чыгармаларында Фейербах идеализмди сынга алуу жагында эч кимди алдына салган эмес. Идеализмдин реалдуу чындыкка таянбагандыгын, анын реалдуу предметтерге көңүл бурбагандыгын көрсөтөт. Фейербах идеализм рационалдашкан теология болуп саналат деген корутундуга келет. Өмүрүнүн алгачкы мезгилинде гегелдик философиянын тарапкери болсо да, Фейербах кийин аны кескин сынга алат. Анын гегелдик идеализмди сынга алуусу тоталдык түрдө болгон эмес. Ал кээ бир гегелдик идеяларды: жаңы менен эскинин күрөшүн, танууну жана башка айрым диалектикалык идеяларды туура деп тапкан.

 

фейербах дин тууралуу

түзөтүү

Фейербах — динди сынга алуунун эң көрүнүктүү өкүлү, бул сынды ал өзүнүн бүткүл өмүрүнүн иши деп эсептеген. Ал динди жаратылыштын стихиялуу күчтөрүнөн коркуу, ошондой эле жерде адамдар башынан өткөрүп жаткан азап менен кыйынчылыктар пайда кылат деп ойлойт. Мындан башка да теңирликте адамдын үмүтү, идеалы чагылып көрүнөт, ошондуктан дин турмуштук түшүнүктөр менен толукталып турат, анткени адам Кудайга окшош болгусу келет. Жаратылыш кубулуштарына диний сыйынуу, ошондой эле Жаңы заман адамынын диний культу, Фейербахтын оюнча, адам чындыгында же мейли кыялында болсун эмнеге багыныңкы болсо ошону теңирлештирип, ошого табынарын көрсөтөт. Диндин маңызы — адамдын жүрөгү, бул жүрөк ишенүүгө жана сүйүүгө умтулат, ал алды — артын байкап, ой жүгүртүп иш кылган акыл-эстен ушунусу менен айырмаланат. Динде адамдын бүт турушу бурмаланып чагылдырылган.

«Адам кудайларга өзүнүн фантазиясы жана сезими бар болгондуктан гана ишенбейт, ал ошондой эле бактылуу болууга умтулгандыктан улам да ишенет. Ал олуя чалыш жанга өзү олуялыктын эмне экендигин билгендиктен гана эмес, ал өзү да олуя чалыш болгусу келгендиктен улам ишенет; ал туш тарабы төп болгон жанга ал өзү да туш тарабы төп келген жан болгусу келгендиктен улам ишенет; ал жандын өлбөстүгүнө өзү да өлгүсү келбегендиктен улам ишенет» [Ошонун өзүндө. 2-т. 713-6.].

Бул жоболордо динди антропологиялык жактан түшүндүрүү чагылдырылган, бул түшүнүүнү Фейербах айрым христиан догматтарына карата бир кыйла конкреттүү түрдө колдонот. Алсак, үчилтикти үй-бүлөлүк турмуштун жашап турушу менен, ал эми теңирлик өнөрчүлүктү — адамдын өзүнүн жаратылыштан айырмачылыгы жөнүндөгү мистикалык элестөөсү аркылуу түшүндүрөт.

Фейербах үчүн Кудайдын образы — бул адам маңызынын адамдын өзүнөн ажыратылышы. Кудай адамдан ажыратылат. Аны өз алдынча жашайт деп табышат, ошондой эле Аны бардык бар болуп жашап тургандардын түпсебебине айландырышат. Бул ажыратуу концепциясы динди фейербахтык сынга алуунун башкы тиреги катарында чыгат. Фейербах жашап турган диндин реакциячылдыгын жана зыяндуулугун, анык адамдын жакшы турмушка жетүүгө карата болгон умтулуусун байлап-матап, аны чыдамкай болууга, кың этпей баш ийүүгө мажбурлай тургандыгын баса белгилейт.

Фейербах Кудайсыз дин — чыныгы дин деген корутундуга келет. Диний сезим адамдын индивидуалдык психологиясына мүнөздүү нерсе, аны жеңүүгө болбойт. А түгүл Фейербах адамдын адамга болгон сүйүүсү, айрыкча жыныстык сүйүү — бул диний сезим деп эсептейт.

Фейербах жана жаратылыш

түзөтүү

Жаратылыш Фейербах үчүн эң башкы реалдуу, ал эми адам — жаратылыштын эң башкы продуктусу. Жаратылыш адам аркылуу өзүн өзү сезет, өзүн өзү баамдайт. Жаратылыштан жогору турган, жаратылыштан төмөн турган эч нерсе жок. Ар кандай бытие менен маңыздын, ар кандай ойлом менен ишмердиктин, ар кандай гүлдөө менен ийгиликтиннегизги шарты болгон мейкиндик менен убакыттай эле жаратылыш да чексиз. Чындыгында эч кандай тиги дүйнө жок, анткени жаратылыштын кубулуштарында эки ирет жашоо жок, Фейербах мындай деп жазат: «Жаратылыштын башталар жери да, бүтөр жери да жок. Анда бардыгы өз ара аракетте болуп турат, баардыгы салыштырмалуу, баардыгы бир эле убакта аракет да, себеп да болуп саналат, анда баардыгы ар тараптуу жана өз ара байланышкан» [602-6.].

Фейербах бытие менен ойломдун карама-каршы коюлушунун салыштырмалуулугун тааныйт. Адам — обьект да, субьект да. Ал ойломду бытиеге окшоштурууга каршы, материянын кыймылынын бардык формаларын механикалык кыймылга алып келип такоого каршы чыгып, «материализм» деген сөздү колдонуудан качкан. Ал органикалык материяны материянын эң жогорку формасы катарында кабыл алып, кээде өзүнүн окуусун органицизм (организм) деп атаган.


Фейербахтын этикалык окуусу анын философиясында олуттуу орунду ээлеп турат, ал эвдемонизм мүнөзүнө ээ жана Мен менен Сендин биримдигинен жана өз ара байланыштуулугунан келип чыгат. Ал адамды антропологиялык планда түшүнүүнү биринчи планга коёт. Ал үчүн башкы нерсе — индивиддердин карым-катышы. Бактыга умтулуу Фейербах тарабынан адам эркинин кыймылдаткыч күчү катарында каралат, ал умтулуу адеп-актык парзды түшүнүү зарылдыгын пайда кылат, анткени Мен Сенсиз жашай да, бактылуу да боло албайт. Бул умтулуу — эгоисттик сезим эмес, анткени ал башкалар менен бирликтешкенде гана натыйжага алып келет.

Фейербах тууралуу

түзөтүү

Фейербахтын антропологизми анын социалдык-саясый көз караштарынан да көрүнөт. Ал мындай деп жазган: «Жапыз шыбы төбөдөн басып турган алачыктагыга караганда сарайда башкача ойлошот. Тар бөлмөдөгүгө караганда ачык абада биз башка адамбыз, тардык адамды кысат, ал эми кеңири мейкиндик жүрөктү жана башты кеңейтет» [I том, 224-6.].

Фейербахтын философиясы Маркс менен Энгельстин көз караштарынын калыптанышына чоң таасир көрсөткөн. Энгельс мындай деп жазган: «Биздин алдыбызда буркан-шаркан түшкөн кыйын-кыстоо мезгилибизде Гегелден кийин кайсы бир философго караганда, Фейербахтын бизге олуттуу даражада көрсөткөн таасирин толук моюнга алуу сыяктуу милдет турат» [Чыгарм. 21-том. 371-6.].

Колдонулган адабияттар

түзөтүү