Фейр-плей (англиялык fair play - ак ниеттүу оюн) - спорттогу акыйкаттуулукту жайылтууга арналган этикалык жана моралдык закондор жыйындысы.

Фейр-плей принциптери атаандашты сыйлоо, калыстын эрежелерин жана чечимдерин сыйлоо, допинг колдонбоо, өзүн-өзү көзөмөлдөө ж. б. Фейр-плейди 1958-ж. уюшулган Спорт илими жана физикалык тарбиялоо боюнча эл аралык кенеш (ICSSPE) жетектейт. Таза оюндун идеяларын жана принциптерин, өзгөчө балдар жана жаш спортчулардын арасында жайылтуу, спортчуларды жана командаларды сыйлыктар менен сыйлоо Ф.-п-дин негизги максаты болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4