Фемистокл (б. з. ч. 525-ж. чен - 460-ж. чен, Магнесия) - Афинынын мамлекеттик ишмери жана кол башчысы.

Фемистоклдун демилгеси боюнча Делос союзу уюшулуп, Афины кубаттуу деннз державасына айланган. Грек-перс согушу (500-440) учурунда күчтүү согуш флоту түзүлүп, Пирей гаваны чыңдалган. Ал перстерге каршы гректерди баш коштуруп, бир нече жолу жеңишке жетишкен. 480-ж. Сала ж аралынын жанында Афины флотун башкарып, перстерди катуу талкалаган. Бирок Фемистоклга Афины ак сөөктөрү каршы чыгып, 471-ж. ал остракизмделин (жалпы чогулуштун чечими менен өлкөдөн кууп чыгуу), куугунда өлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.