Фенол-формальдегид чайыры

Фенол-формальдегид чайыры, полиметиленфенол - фенолдун формальдегиди менен поликонденсацияланышынан пайда болгон синтездик чайырлар.

Фенол-формальдегид чайырынын сапаты катализаторлорго жана фенол менен формальдегиддин молярдык катнашына көз каранды. Реакцияга кирген заттардын санына жана катализаторго жараша реакциядан термореактивдик чайыр - резол алынат. Резолду ысытканда поликонденсация кайрадан уланат да полимерлердин мол. салмагы чоңоюп, көлөмдүү полимерлер пайда болот. Алар эрибейт жана ысытканда жумшарбайт. Фенол менен формальдегидди поликонденсациялоодо фенол ашык болсо, процесс кичине мол. салмактуу полимер бирикмелери пайда болуу стадиясында эле токтолот. Резолдун эритиндилери түрдүү күкүмдөрдү, булаларды, кагаздарды, ткандарды ж. б. желимдөөдө колдонулат. Алардан машиналардын жана приборлордун түрдүү тетиктери, түтүктөр, кайыктардын, кемелердин, машиналардын корпустары, химиялык өнөр жайына керектүү аппараттар жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4