Фергана бүркөкчү
Фергана бүркөкчү (Carabus (Pseudotribax) ferghanicus), (Breuning, 1933) - Фергана системасындагы тоо кыркалары үчүн эндемикалык, байыртадан калган (реликтүү) олиготиптик түркүмчөсүнүн эки түрүнүн бири . Генофондду сактоо жана зоогеография аспектилери боюнча илимий мааниге ээ.
Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү
түзөтүүУзундугу 27–33 мм келген коңуз. Башы жоонураак, үстү жука бырыштуу келип, майда чекиттүү. Алдынкы аркасынын негизинин капталдары азыраак чуңкурайган. Үстүнкү канаты алдынкы аркадан бир аз жазы, орто жери жалпак жана көптөгөн, чоң, терең, бурчтуу чуңкурлары бар узунан кеткен издер менен капталган. Анча жылтырабайт толугу менен кара, жыныстык диморфизм начар өнүккөн.
Жалпы жана өлкөдө таралышы
түзөтүүТүрдүн ареалы толугу менен Кыргызстандын чегинде жайгашкан. Фергана тоо кыркаларынын түштүк-батыш бетин, түндүк бөлүгүн болжол менен Жалалабат шаарынан Карасуу көлүнө чейин камтыйт .
Жашаган аймактары
түзөтүүДеңиз деңгээлинен 1200–2500 м бийиктик алкагындагы токой зонасындагы аскалардын алдында, эшилип түшкөн шагылдарында жана жаңгак токойлорунун, токой-шалбаа стацияларынын алкактарында кездешет. Жаңгак токойлорунан жогору алыстап кетишпейт, ошол жердеги ит мурундун калың өскөн жерлеринде кармалышат .
Саны
түзөтүүӨтө аз. Бир күндүк (10 км) маршруттук эсептөөлөөрдө 3–6 чейин коңуздар катталган. Ал эми кайра кайталанган эсептөөлөрдө натыйжа тескерисинче болгон . Мал көп жайылган жана токой материалдарын даярдаган жерлерде таптакыр кездешпейт . Популяцияда ургачыларына караганда эркектери бир аз көбүрөөк . ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Жетишерлик изилденген эмес. Жылына бир муун бериши ыктымал. Личинкалары жана имагосу жер үстүндө, багытталбаган жырткычтар. Коңуздун имагосу майдан августка чейин кездешет.
Чектөөчү факторлору
түзөтүүТүрдүн ареалы жаңгак токой массивдерин кеңейтип өстүрүүнүн жана пестициддерди пайдалануунун натыйжасында кыскарууда. Күчөтүлгөн мал жайыттарында, көпчүлүк токой материалдары даярдалган жана санитардык кыркуулар жүргүзүлгөн жерлерде түр кездешпейт . Обочолонгон айрым бир жерге таандык популяциялардын бири экинчисинин таасири менен суюлушу – имбридингдин натыйжасында тукумдун бузулушуна коркунуч туудурат. Коңуздар жана алардын личинкалары курт-кумурскалар менен тамактанган омурткалуу жаныбарлардын күнүмдүк азыгы .
Көбөйтүү (колдо багуу)
түзөтүүКолдо асыроо жүргүзүлгөн эмес. ==Уюштурулган коргоо аракеттери==Кыргызстанда азыркы убакта корголбойт.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
түзөтүүЛичинкаларынын тиричилик мүнөзүн жана фенологиясын аныктоо, ошондой эле байыртадан жердеген жалгыз биотобу – жаңгак-жемиш токойлорунун антропогендик өзгөрүүгө дуушар болгон жерлеринде кайрадан өстүрүүнүн эксперименталдык мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу.
Статусу
түзөтүүII категория (VU B1ab(iii)+2ab(iii)c(iii,iv); C2b). Чарбачылык иштерди жүргүзгөн зоналарда бириндеп жашаган, кыска ареалдуу сейрек кездешүүчү түр , энтомофаг.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2