Ферромагнетизм – кристаллдык заттардын магниттик абалдарынын бири.

Ферромагнетизм заттын атомдорунун спиндик магниттик моменттеринин параллель багытта жайгашуусу менен байланышкан. Ферромагнетизм квант теориясы менен түшүндүрүлөт. Бул теория боюнча заттын ар башка атомдорундагы электрондор арасындагы алмашуу энергиясынын чоңдугу оң мааниге ээ болгондо электрондордун спиндери өз ара параллель жайгашат да ал заттын ичинде өзүнөн-өзү эле магниттелген домендер (англ. domain – област (аймак)) пайда болот. Заттын ичинде мындай иреттүүлүк Кюри температурасынан төмөнкү температураларда гана түзүлөт. Ушундай абалга ээ болгон кристаллдык заттарды ферромагниттер дейбиз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү