Ферроцен, бис h-циклопентадие-нил темири, (С5Н5)2Fе саргыч кызыл кристалл 1,49; балкып эрүү 1173-174°С. Орг. эриткичте жакшы эрийт, өтө туруктуу, 470°С жогорку темп-рада гана ажырайт. Ф. биринчи жолу 1951-ж. синтезделип алынган металл-орг. бирикмелер өкүлү. Мол-сы башка металлоцендер молекуласындай эле «Сэндвич» деп аталган структурага ээ. Ф. металл атому циклопентадие-нилдин бардык п-электрон системалары менен байланышкан (п-комплекстер). Ф. циклопентадиениллитийге (натрий) же циклопентадиенилмагний-бромидге металлдар галогениддерин таасир этүүдөн:

2С5Н5Li + FеС12® (С5Н5)2Fе + 2LiС1, же циклопентадиенге темир оксиди, темир галогенидин таасир кы-луудан алууга болот:

Ф. бензоиддик эмес ароматтык система болуп саналат, ошондуктан ал үчүн суутек атому ОН- группасы менен орун алмашуу реакциясы мүнөздүү. Алкилдеө, ацилдөө (Фридел-Крафтс б-ча), меркурирлөө, сульфирлөө реакцияларына кирет. Ф. галогендөөгө жана нитр-лөөгө болбойт, себеби окистенип кетишет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү