Фестивалдар (лат. festivus -көңүлдүү, майрамдык) - бир тематика менен бириккен майрамдык, салтаңаттуу мүнөздө өтүүчү концерттер,театр оюндары цикли.

Адатта Фестивалдар филармониялар, музыкалык коомдор, фирмалар же жеке кишилер тарабынан маданияттын, эс алуунун ири борборлорунда өткөрүлөт. Алгач Фестивалдар 18-кылымда Англияда пайда болгон. 18-19-кылымдарда бүткүл Европага тараган. 20-кылымда эл аралык Фестивалдар өткөрүлө баштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.