Фигура жасап муз тебүү - коньки спортунун бир түрү.

Фигура жасап муз тебүү боюнча мелдеш жалгыз (эркек же аял) жана жуп (эркек-аял) спортчулардын ортосунда өткөрүлөт. Спортчулар музыканын коштоосунда муз үстүндө коньки менен түрдүү элементтерди - айлануу, секирүү, кадамдардын комбинациясы, көтөрүү (поддержка) ж. б. аткарышат. Фигура жасап муз тебүү спорттун өз алдынча түрү болуп 1860-ж. калыптанган. Биринчи мелдеш эркектер арасында 1882-ж. Венада өткөн. 1924-ж. олижпиялык оюндардын программасына киргизилген. Фигура жасап муз тебүү боюнча дүйнөлүк, Европа, төрт континеттик чемпионаттар өткөрүлөт. КРде Ф. ж. м. т-нү өнүктүрүү боюнча федерация, мектептер иш алып барууда. Фигура жасап муз тебүү боюнча К. Ураимова алгачкы Кыргызстандык спортчу катары эл аралык мелдештерге катышуда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4