Филипп Эдуард Антон фон Ленард (англ. Philipp Eduard Anton von Lenard; 1862-жылы 7-июнь – 1947-жылы 20-май) - немис физиги, 1905-жылы катоддук нурларын изилдеп алардын касиеттерин ачканы үчүн физика жаатындагы Нобель сыйлыгынын сыйээси болгон. Улутчул жана антисемит Ленард, нацисттик саясий көз караштардын активдүү тарапчысы, ал 1920-жылдары Адольф Гитлерди колдоп, нацисттик мезгилинде "Deutsche Physik" кыймылдын маанилүү үлгүсү болгон. Кызыктуу болгон нерсе, Ленард Эйнштейндин илимге кошкон салымын "Жөөт физикасы" катарына кошуп белгилеген.

Филипп Ленард (1900)

Жаш кези жана эмгектери түзөтүү

Филипп Ленард 1862-жылы 7-июнда Прессбургта (азыркы Братислава) туулган. Ленарддын үй-бүлөсү 17-кылымдагы Тирольдон келип чыгат, анын ата-энеси немис болгон (Карпат немистери). Атасы, Филипп фон Ленардис (1812-1896) Прессбургта шарап сатуучу болуп иштеген. Апасы Антони Бауманн (1831-1865) болгон. Жаш Ленард Pozsonyi Királyi Katolikus Főgymnasium (азыркы Gamča) гимназиясында окуган, кийин, өзүнүн өмүр баянында ал бул окуу жайдын көнүлүндө из калтырганын белгилеген (өзгөчө Виргил Клатт мугалиминин инсандык сапаттары). 1880-жылы Ленард Венада жана Будапештте физика менен химияны окуган. 1882-жылы Будапештте жүргөн Ленард Прессбургка кайтат, бирок 1883-жылы, Будапешт университети жардамчы кызмат ишке тендерин кабыл албагандан кийин Ленард Хайдельбергке көчөт. Хайдельбергте ал Роберт Бунзенден сабак алган, ортодо Ленард бир чейрек Берлинде Герман фон Гельмгольц менен окуган, ал эми 1886-жылы доктор даражасын алган. 1887-жылы ал кайрадан Будапештте Лоран Этвештун жетекчилиги астында көрсөтүүчү катары иштеген. Ахен, Бонн, Бреслау, Хайдельбергте (1896-1898) жана Кильде (1898-1907) кызмат кылгандан соң ал акырында, 1907-жылы Хайдельберг университетине Филипп Ленард институтунун жетекчиси катары кайткан. 1905-жылы Ленард Швеция королдугунун илимий академиясынын мүчөсү болгон, ал эми 1907-жылы Венгриянын илимий акдемиясына мүчөсү катары кирген.

Ленарддын эң алгачкы эмгектерине жаркыроо жана люминесценция изилдөөлөрү жана жалындын электр тогун өткөргүчтүгү кирет.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү