Филлоксера, жүзүмч ү филлоксера (лат. Phylloxera vastatrix Planch, syn Daktulosphaira vitifoliae ; гр. phallon - жалбырак жана xcrys - кургак) - өсүмдүк бити түркүмчөсүндөгү курт-кумурска; жүзүмдүн коркунучтуу зыянкечи.

Филлоксера.

Карантин чектелет. Денеси сүйрү, өнү саргыч жашыл, уз. 0,8-1,2 жм, көзү кызыл, тумшугу учтуу, сайып соргучу бар. Тамырчы жана жалбыракчы Филлоксера өтө зыяндуу. Түштүк аймактарда 6-8, түн-тө 4-5 жолу тукумдайт. Филлоксеранын шилекейинде гидролиздөөчү ферменттер болот. Алар соргон тамырдын ткандары ферменттердин таасиринен өсүп, жооноёт, кабыгы жарылган жерге бактерия, козу карын кирип, чиритет. Мындай жүзүм мөмө байлабайт, 5-10 жылдан кийин куурайт. Каршы күрөшүү чаралары: жүзүмдү гексахлоран, бромметил суспензиясы менен дезинфекциялоо ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4