Фитнес (англ. fitness - дал келүү, жакшы формада болуу) - ден соолукту чыңдоо ыкмасы.

Фитнес дененин формасын жана анын массасын өзгөртүүгө, форманы бир калыпта көп убакытка чейин сактоого мүмкүнчүлүк түзөт. Ал туура тамактануу менен спорттук машыгууну кучагына алат. Спорттук көнүгүүлөр жана диета ар бир адамга курагына, ден соолугуна, дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүнө жараша өзүнчө түзүлөт. Бир катар спорттук дисциплиналар (атлетикалык Фитнес, боди- Фитнес ж. б.) жалпы жонунан Фитнес деп аталып келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

лГПу