Фитопатология (фито... жана патология ) - өсүмдүк илдеттери жөнүндөгү илим.

Ал жалпы жана айрым болуп болунет. Жалпы Фитопатология илдеттин козгогучтарын, анын себептерин жана пайда болуу шартын, өөрчүшүн, таралышын, илдеттүү организмдин анат.-физиол. өзгөрүшун, иммуннтеттерин, өсүмдүк карантинин, коргоо шартын, дарылоо методун ж. б-ны изилдейт. Айрым же атайын Фитопатологияга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн Фитопатологиясы, токой Фитопатологиясы, бадал жана дарак Фитопатологиясы кирет. Ал өсүмдүк анатомиясы жана физиол., микробиол., микология, генетика, селекпия, өсүмдүк өстүрүүчүлук, химиялык, физикалык ж. б. илимдер менен байланышта.

Фитопатологиялык изилдөөлөрүнүн тыянагы - айыл чарбада өтө маанилүү өсүмдүктү илдеттен коргоонун теориялык негизи. Өсүмдүккө илдет тийгизген зыян адам баласына мурдатан эле белгилүү болгон. 18-кылымдын башында өсүмдүк илдеттерин классификациялоого аракеттенилет. 19-кылымдын экинчи жарымында немис окумуштуусу А. Де Вари жана орус фитопатологу М. С. Воронин көптөгөн илдетти мите козу карындар пайда кыларын ачкан.

20-кылымда Фитопатология мите козу карындуу илдет жөнүндө битомикология, бактериоздор жөнүндө фитовирусология, нематод илдет тууралуу фитонематодология, фитоиммунология ж. б. өзүнчө илимдерден турган комплекстүү илим катары түзүлгөн. Кара көсөө, дат, чангыр кебер, фитофтороз илдеттери ачылып, дарылоо, коргоо жолдору да табылган. Бул илдеттерге туруктуу, жаңы, баалуу сорттор чыгарылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.