Фитофтороз - өсүмдүк илдети.

Фитофтора уруусундагы мите козу карын пайда кылат. Картошка, томат, алма, цитрус өсүмдүктөрүнүн Фитофторозу өтө зыяндуу. Картошка Фитофторозунда жалбырактын чекесин жайылма так, астыңкы бетин ак кебер каптап, илдеттүү жалбырак солуйт. Картошканын өзүнө так түшүп, сактоодо бактерия чиригине чалдыгат.

Күрөш чарасы: таза үрөн пайдалануу, пестицид менен дарылоо, убагында отоо, түптөө, түшүмдү кургак мезгилде жыйноо, илдетке туруктуу сорт чыгаруу. Томат Фитофторозунда жалбырактын астыңкы бетине боз, сабагыча узатасынан так түшүп, мөмөсү бозоруп чирийт.

Күрөш чарасы: аянтка фосфор-калийлуу жер семирткич жана фунгицид чачуу, түшүмдү эрте жыйноо, илдетке туруктуу сорт чыгаруу. Цитрус өсүмдүктөрүнун Фитофторозунда жалбыракка боз так түшүп, дарактын кабыгы жарылып чирийт, жаракадан чайыр агат. Алма Фитофторознда алма тамыр муунагынан жабыркайт. Бузулган жердин кабыгы кызгылт көк болуп, жарылат. Күрөш чарасы - алманын жарааттуу кабыгын дезинфекциялоо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.