ФицройАвстралиядагы эки дарыянын аты.

Фицрой

1) Австралиянын түндүк-батышындагы дарыя. Уз. 520 км, алабынын аянты 86,5 миң км2. Кимберли тоо массивинен башталып, Инди океанындагы Кинг булунуна куят. Орточо чыгымы 100 м3/секд,а.й. Чатынан 130 кмте чейин кеме жүрөт. Жайылмаларында шалы өстүрүлөт. Крокодилдер байырлаган жогорку агымында улуттук парк уюштурулган;

2) Австралиянын түндүк чыгышындагы дарыя. Чоң Суу бөлгүч кырка тоосунан башталган Досон жана Макензи дарыянын кошулушунан пайда болуп, Шуру деңизинин Кеплель булунуна куят. Уз. 480 км, алабынын аянты 142 миң км2. Жылдык орточо чыгымы 182 м3/сек. Чатынан (Рокхемптон шаарынан) 57 кмте чейин кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4