Флегмона (байыркы грек тилинен φλεγμονή — ысытма, сезгенүү) — майлуу клетчатканын (тери астындагы, булчуң астындагы жана башкалар) ириңдеп сезгенүүсү.
Флегмона абцесстегидей чектелбей жайылып кетет. Оору кокустан жабыркаган тери, былжыр чел аркылуу стрептококк, стафилококк жана башкалар ириңдетүүчү микробдордун клетчаткага киришинен же түрдүү ириңдүү оорулардын (сыздоок, абсцесс) кабылдоосунан пайда болот. Флегмона жайгашуусуна жараша, тери астындагы, бөйрөктүн жанындагы (паранефрит), көтөн чучуктун тегерегиндеги (парапроктит), булчуң арасындагы жана башкалар болуп бөлүнөт.

Белгилери: түзөтүү

ооруган жер шишип, катууланат, кызарып ооруйт. Ал жер тез эле чексиз чоңоёт. Абсцесстен айырмаланып инфилтрат көпкө катуу бойдон турат. Оорулуунун эти ысып, чыйрыгат, башы ооруп, кускусу келет. Кээде флегмона тегерегиндеги органдарга таркалып, тарамыш муундарды жабыркатат (манжалардын флегмонасында манжалар кыймылдабай калышы мүмкүн).

Дарылоо түзөтүү

Ооруну дарылоодо хирургиялык ыкма колдонулуп, ириң тазаланат. Дарылоо канчалык эрте башталса дарт тез жакшы болот. Күчөп кеткен флегмона оор кабылдоого — сепсиске учуратышы мүмкүн. Оорунун алдын алуу үчүн майда травмаларды, теринин, тери астындагы клетчатканын ириңдүү ооруларын убагында дарылап, терини, былжыр челди жабыркоодон сактап, өздүк гигиенага көңүл буруу талапка ылайык.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8