Флейм (кырг. от, жалын) – интернет айдыӊындагы колдонуучулардын сөз менен урушушу же бири-бири менен болгон айтышы. Флеймди «уруш үчүн уруш» деп да атап коюшат. Бул терминди англис тилинен которгондо «от, жалын» деп которулат. Бардыгы жөнөкөй тамаша иретинде айтылган же жөнөкөй троллингдин аягы флейм менен бүтөт. Анткени көбүнчө виртуалдык аӊгемелештин бирөөсү таарынганда мындай «жалын» пайда болот. Интернеттеги айтыштар саясат, спорт, оюн, кино жааттарындагы талашып-тартышуудан келип чыгат. Мындай учурда флеймди жараткандар сайттын модератору тарабынан жазаланат.