Флексатон (англ. flex-a-tone, лат. flexus ― «ийилген» жана грек. τόνος ― «доубш» же «тон») – ийилген узун жалпак болот тасма.

Өз тулкусунан үн чыгаруучу аспаптар тобунакирет. Тасманын эки жагына узун зым бекитилип, учуна эки тоголок бүдүр тагылган. Аспапты силкилдете баштаганда эки тоголок бүдүр тасмага тынымсыз тийип, шамалдын улуп-уңшуганын элестеткен добуш берет. 20-кылымдын башынан тартып колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.