Флексияланма тилдер - дүйнө тилдеринин морфологиялык классификация боюнча ажыратышган негизги типтеринин бири.

Флексияланма тилдердин негизги өзгөчөлүктөрү: ички флексияга эгедер же үндүү жана үнсүз тыбыштарда фонетикалык жактан шартталбаган алмашуу жүрөт (мис., орус тилинде «из-бег-ать» - бүтпөгөн түр, «из-беж-ать» - бүткөн түр): бир эле мүчө менен бир нече грамматикалык маани туюнтулат (мис., орус тилинде «рук-у» - «у» мүчөсү бир эле учурда табыш жөндөмө менен жекелик санды туюнтат); ар кайсы негиздеги бир эле грамматикалык маани ар башка мүчөлөр аркылуу берилет, б. а. бир нече жөндөмөнүн жана жакталуунун болушу (мис., орус тилинде «в стол-е»-«в степ-и»; «ид-ёшь» - «спеш-ишь»): морфемалар грамматикалык жактан да, фонетикалык жактан да тыгыз ширелишүү касиетине ээ (мис., орус тилинде «детский» фонетикалык «децкий», мында «п»-«тс» бир эле мезгилде уңгу морфемасынын аягы менен мүчө морфемасынын башын түзүп турат). Флексияланма тилдерге инди-европа тилдери жана семит-хамит тилдери кирет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9