Флогопит (гр. «флогопос» - жылтырак, от сымал) - биотиптер сериясын түзүүчү минералдардын бири, калий менен магнийдин алюмосиликаты, KMg3(Si3Al)O10(OH)2. Кошундулары: Fe, Са, Na, Mn, Ti ж. б. Ф. Моноклин сингониясында кристаллдашат. Түссүз, боз, ачык сары, күрөн түстүү кристалл, кабырчыктуу масса түрүндө.

Анча тунук эмес (айрымдары тунук), айнектей же седептей жылтырайт, катуулугу 23, тыгыздыгы 2,7-2,9 г/см'\ сынбай ийкемге келет, серпилгич, электр тогун өткөрбөйт, эрүү температурасы 1300°С. Магматизм, метаморфизм жана метасоматтоз процесстеринен пайда болуп, ультрабазитте, кимберлитте жана карбонатитте, ошондой эле магнезийлүү скарнда, кальцифирде авгит, диопсид, доломит, титанит ж. б. менен чогуу кездешет. Кени гидротерм-метасоматтоздон пайда болуп, магнезийлүү тоо тектер менен алюмокремнеземдүү тоо тектердин контакттысында калыптанат. Жасалма жол менен да алынат. Отко чыдамдуу боёк өндүрүүдө, изолятор катары электротехникада ж. б. пайдаланылат. Кени - Россияда, Канада, Шри-Ланка, Индия ж. б. өлкөлөрдө бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4