Флористика
Флористика - ботаниканын жер шарындагы жана анын бөлүгүндөгү өсүмдүк түрлөрүн (флора) изилдөөчү жана сыпаттап жазуучу тармагы.
Флористиканын негизги милдети - түрдүү өлкөлөрдүн, ботаника-географиялык областтын, аймактын флорасынын составын каттоо. Ар кандай максаттар үчүн пайдалуу өсүмдүктөрдүн (мисалы, дары, тамак-ашка колдонулуучу ж. б.) түрү такталат.
МетодикаларОңдоо
Флористиканын милдети-бүтүндөй Жердин флорасын, жер шарынын айрым бөлүктөрүнүн флорасын изилдөө, ошондой эле ар кандай флоралардын салыштырма талдоосун жүргүзүү. Флористиканын ар кандай флораны изилдөөдөдөгү алгачкы милдети, анын түрлөрүнүн курамын инвентаризациялоо болуп саналат.[1] Флораны талдоо көптөгөн критерийлер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Флористиканын негизги методикасы - өсүмдүктөр тобун интегралдык талдоо, анын ичинде алардын таксономиялык, хронологиялык, экологиялык-географиялык, экологиялык, биологиялык жана экологиялык-фенотикалык түзүлүшүн изилдөө.[2] Эгерде талдоо жүргүзүлүүчү критерийлер жалаң гана колдонмо мүнөздө болсо жана талдоонун максаты тамак-аш, дары-дармек жана техникалык өсүмдүктөрдү аныктоо болуп саналса, анда мындай изилдөөлөр ботаникалык ресурс таануу тарабынан изилденүүчү милдеттерге дал келет.
Колдонулган адабияттарОңдоо
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
ШилтемелерОңдоо
- ↑ Методы сравнительной флористики и Проблемы флорогенеза. byrranga.ru. Текшерилген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2022.
- ↑ Флористика (раздел ботаники). dic.academic.ru. Текшерилген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2022.