Флюорография (рентгенофотография, рентгенофлюорография, фоторентгенография) — рентгендик изилдөө ыкмасы.
Мында изилденчү объекттин рентген сүрөтү жарыктануучу экрандан фотоплёнкага түшүрүп алынат. Ал флюорограф аппаратынын жардамы менен жүргүзүлөт. Бул аппараттагы рентген нуру менен органдарды жарыктандыруудан өпкө, жүрөк, ичеги-карын, мурун коңулдары, эмчек жана башкалар органдар даана сүрөткө түшүрүлөт. Анын жардамы менен ошол органдардагы билинбей жүргөн ооруларды табууга жана көп кишини (1 саатта 100— 200гө чейин) текшерүүгө болот. Балдарды массалык текшерүүдөн өткөрүүдө бир кыйла жеңилдик берет жана жөнөкөй да болот. Мындай рентгенографиялык изилдөөнүн эч зыяны жок. Ошондуктан саламаттык сактоо, алдын алуу чаралардын системасында флюорографияга абдан чоң маани берет. Балдар мекемелеринин, ошондой эле ооруканалар менен төрөт үйлөрүнүн балдар бөлүмдөрүндө балдардын тамактануусу менен байланышкан кызматкерлер, балдар жана өспүрүмдөр үчүн мектептер жана башкалар дарылоо жана тарбиялоо мекемелеринин педагогдору менен тарбиячылары кызматка орношкондо жана жарым жылда 1 жолу флюорографиялык изилдөөдөн өтөт. Ошондой эле тамак-аш азыктарын даярдоо, сактоо, ташуу, сатууда иштегендер; дарылоо-алдын алуу мекемелердин, аптека, санитария-гигиеналык тейлөө мекемелеринин (мончо, чач тарач, кир жуучу жана башкалар) кызматкерлери; балдар оюнчуктарын чыгаруучу жана сатуучу ишканалардын, китепканалардын жана башкалар кызматкерлер кызматка орношууда жана жылына 1 жолу флюорографиялык изилдөөдөн өтөт. Мектеп окуучулары (12 жаштан), орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери жыл сайын флюорографиядан өтөт. Бир жолку флюорография дан армияга чакырыла электер, чакырылгандар, ошондой эле окуу жайларына өтүүчүлөр жана эс алуу үйлөрүнө жана санаторийлерге баруучулар өтүшү зарыл.
Стационардагы (поликлиникадагы) флюорографиялык кабинеттерден башка автобустарда, темир жол жана трамвай вагондорунда орнотулган жана көчмө флюорографиялык кабинеттер болот; алар жумушчуларды, студенттерди иштеген же окуган жеринде изилдегенге ыңгайлуу. Автобустагы флюорографиялык кабинеттер айыл калкын изилдөөгө пайдаланылат. Флюорографиядан өткөн кишилерде кайсы бир оорунун белгиси болсо, алар тиешелүү дарылоо мекемесине дарыланганга же изилденүүгө жиберилет.

Төштүн Флюорограммасы
Цифралык флюорограф

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8