Фобос (грек. phobos - коркунуч) - Марстын табигый жандоочусу; америкалык астроном А. Холл ачкан (1877).

Фобос (2008).

Марска чейинки аралыгы 9400 км, Жерге чейинкиси 77 790 000 км, айлануунун синодикалык мезгили 7 с 39 мин 27 сек. Туура эмес формага ээ, орточо радиусу 11,1 км, өлчөмү 26,8x22,4x18,4 км, тыгыздыгы 1,86 г/см\ бетинин аянты 6100 км2, массасы 1,0721016 кг. Фобос ар бир 100 жылда Марска 9 см жакындайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4