Фолкнер Уильям (25. 9. 1897, Миссисипи штаты, Нью-Олбани - 6. 7. 1962, Миссисипи штаты, Оксфорд) - америкалык жазуучу. Оксфорд университетинде окуган.

Аскердин кайгылуу тагдыры жөнүндөгү «Аскер сыйлыгы» (1926), Түштүктүн жер ээлеринин жакырланышын сүрөттөгөн «Желимчелер» (1927), «Сарторис» (1929), «Уу-чуу жана жаалдвшуу» (1929) сыяктуу романдардын автору. Анын «Өлүм төшөгүндо» (1930), «Ыйык жай» (1931), «Августтагы жарык» (1932), «Пилон» (1935) романдарында бурж. цивилизациянын кемчиликтерин көрсөтөт. «Зордукчулар» (1948) романынданегрлердин кордукталышын айыптап, «Насыят сөз» (1954) романында согуштун жүзүн ачат. «Кыштакча» (1940), «Шаар» (1957), «Адеми үй» (1959, үчилтик) деген романдарында АКШдагы капиталисттик мамилелердин калыптанышын сүрөттөп, коммунисттердин образын ачык көрсөтөт. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1949).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4