Фолликулит — түктөрдүн түбүнүн стафилококктор пайда кылган ириңдүү сезгениши.
Оору көбүнчө зат алмашуусу бузулган, витамин жетишпеген (А, С витамини), терчил кишилердин териси сыйрылганда, өйкөлгөндө, кирдегенде жана башкалар пайда болот. Ал түктүү жерге, өзгөчө бетке, моюнга, билекке, шыйракка жана башкалар чыгат. Ал жер кызарып, шишимик тартат. Андан соң ириңдүү бүдүр пайда болуп, бир нече күндөн кийин кургап карттанат. Тери фолликулитте түктүн тегереги тереңирээк сезгенет. Ал жер кызарып, ириң толгон бүдүр пайда болуп жарылат. Майда, жалгыздап чыккан ириңдүү бүдүрлөргө зелёнка сүйкөө сунуш кылынат. Эгерде ал чоң-чоң болуп көп чыкса, сөзсүз врачка кайрылуу керек. Мындай учурда аны жууп, сыгууга болбойт. Анткени инфекция жайылып, кабылдап кетиши мүмкүн. Айрыкча бетке чыккан бүдүрлөрдү сыгып ириңин чыгаруу жарабайт. Өнөкөт түрүндө оорулуу тамакты мүнөздөп ичип, өткүр, таттуу, туздуу тамакты аз пайдалануусу талапка ылайык. Оңой сиңимдүү, витаминге бай тамак азыктары, жашылча-жемиш сунуш кылынат.
Ооруну алдын алуу үчүн терини таза кармоо керек.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8