Фонографиялык (тыбыштык) жазуу

Фонографиялык (тыбыштык) жазуу – Грек сөзү «phono» - «тыбыш») ар бир тыбыш жеке-жеке белгилер менен туюнтулган жазуу. Ал жазуунун эң өнүккөн түрү болуп саналат. Тилдин өзгөчөлүгүн толук чагылдыра алат жана колдонууга өтө ийкемдүү. Азыркы дүйнө элинин көпчүлүгү дал ушу жазууну пайдаланышат. Алгачкы тыбыштык жазуу финикиялыктар (биздин заманга чейин 2 миңинчи жылдыкта) тарабынан түзүлүп, чыгыш жана батыш элдерине тараган. Азыркы кыргыз, орус, англис, тилдеринде колдонулган жазуулар фонографиялык жазуу болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү