Форбс( америк. Forbes) дүйнөдө эң белгилүү америкалык финансы-экономикалык журнал. 1917-жылы 15-сентябрда Берти Чарльз Форбс тарабынан түптөлгөнКалып:Издание нин штаб-квартирасы Нью-Йорк шаарындагы белгилүү 5-Авенью көчөсүндө жайгашкан. Форбс журналы дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесин, ийгиликтүү долбоорлор алардын товарларын,ишкерлердин өмүр таржымалын, спортсмендердин, шоу-бизнесс өкүлдөрүнүн киреше-чыгашаларын жана чоң окуялардын себептерин, натыйжаларын камтыйт.

Форбс журналы бизнесс жаатындагы мыкты иликтөө жана обьективдүү баа берүү ошондой эле андагы ар кандай рейтингдер дүйнөгө белгилүү болуусуна шарт түзгөн. Анын ичинен эң белгилүу рейтинг болуп миллиардерлердин тизмеси эсесптелет.

Журналдын ар бир саны компаниялар, анан түптөөчүлөрү, ишкерлер жөнүндө 60 ашык аналитикалык макаларды камтыйт. Жалпы анлис тилүү аудиториясы 6,3 млн адамды түзөт.