Форматтоо (Калыптоо) (Formating - Форматирование). Жаңы сатып алынган дискти колдонуу алдында аны даярдап алуу керек. Дискти колдонууга даярдоо деп калыптоо (formatting) аракети айтылат. Калыптоодо флоппи дисктин бетине издер (тректер-track), цилиндрлер (cylinder) жана секторлор (sector) аныкталат. Калыптоону иштетүү системинин програмдык жабдыгы аткарат, флоппи диск киргизгичинин мүмкүнчүлүгү, флоппи дисктин сыйымдуулугуна жараша, аны калыптоодо из жана секторлор саны өзгөрүп турат. IBM компьютердик системи 3,5 дискетинин ар бир бетине демейде 80 из жана 18 сектор калыптайт. Macintosh Apple тибиндеги башка компьютердик системдерде калыптоо башкача аткарылат. Калыптоо процессинде жеке эле жазылуучу бетте из аныкталбастан, анда мурда жазылган берилиштер өчүрүлөт, жазууга жарабай калган жерлер аныкталат, жазылуучу бетти анализдейт жана флоппи дискке сактала турган файл жөнүндөгү маалыматтарды жазыш үчүн каталог орнотулат. Жеке компьютерлердин көбүндө бул каталог файлдарды жайгаштыруучу жадыбал ( FAT – File Allacation Table) деп аталат. Файлдарды жайгаштыруучу жадыбалда файл ысмы, файл өлчөмү, акыркы өзгөртүүнүн убактысы жана датасы, файл башталган кластер номуру сакталат. Windowsтун акыркы иштетүү системдеринде файлдарды жайгаштыруучу жадыбал файлдарды виртуалдык жайгаштыруучу жадыбалы (VFAT) деп аталган. Флоппи дисктеги файлдар тизмесин чыгарууда маалымат FAT файлынан алынат. FAT ошондай эле пайдаланылбаган кластерлерди жана иштетилип жаткан чөйрөлөрдү көзөмөлдөйт.

Колдонулган адабият түзөтүү