Фотохимия — жарык таасири астында жүрүүчү химиялык айланышты изилдөөчү химиялык илиминин тармагы. Зат жутуп алган жарык химиялык реакцияны жүргүзө алат деген көз карашты биринчи жолу 1818-жылы Т. Гротус айткан жана Ф. биринчи мыйзамы ачылган. Бул көз караш 1842-жылы Ж. Гершел жана 1843-жылы Ж. Дрейпер тарабынан колдоого алынган. Ф. негизги мыйзамы А. Эйнштейн 1912-жылы ачкан кванттык эквивалент мыйзамы болуп саналат. Бул мыйзам боюнча ар бир жутуп алынган фотон hv бир мол-ны өзгөртүүгө алып келет. Зат бир молунун фото айланышы үчүн зарыл болгон жарык энергиясы 6,02-1023 hv барабар(Е). Ф. реакциялар өтө эле ар түрдүү. Алар сүрөткошулуу, сүрөтперегруппировка, сүрөтажыроо деп бөлүнөт. Күн нурунун ультракызгылт көк радиациясы таасири астында мол-лык кычкылтектен озон пайда болушу практикалык мааниси бар эң маанилүү Ф реакция болуп саналат:

О2 + hvz ®О2 ® О3 + О

Пайда болгон озон О3 күндүн ультракызгылт көк радиациясын 250-260 ммк аралыгында жутуп алып, түрдүү организмди радиациянын таасиринен сактап калат. Эң маанилүү Ф. реакциянын башка түрүнө фотосинтез процессинде кычкылтек бөлүнүшү жана көмүртек кош оксиди ассимиляцияланышы кирет.

Булактар түзөтүү

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6