Фотоэффект - жарыктын таасиринде катуу заттардан электрондордун бөлүнүп чыгышы.

Алгач Г. Герц (1887) тарабынан ачылып, орус окумуштуусу А. Г, Столетов (1888) тарабынан терең изилденген. Андан ары Фотоэффект закондорунун теориясын А. Эйнштейн (1905) түшүндүргөн.

Фотоэффект үч түрдө байкалат:

  • 1)сырткы Фотоэффект - жарык таасиринде электрондордун заттын сыртына чыгышы;
  • 2) ички Фотоэффект - жарык таасиринде жарым өткөргүчтөрдүн же айрым диэлектриктердин электр өткөрүмдүүлүгүнүн көбөйүшү;
  • 3)вентилдик Фотоэффект - металл менен жарым өткөргүчтөрдүн же түрдүү тектүү жарым өткөргүчтөрдүн ортосундагы чекте жарык таасиринде электр кыймылдаткыч күчүнүн пайда болушу.

Фотоэффект - кванттык кубулуш, анын терең изилдениши квант теориясын эксперименттик негиздөөдө зор мааниге ээ. Фотоэффект заттардын түзүлүшүн изилдөөдө жана фотоэлектрондук куралдарда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4