Франциядагы революция (1848)

Франциядагы революция (1848) - Европадагы революциялардын бири; Фраядиядагы бурж. демократиялык революция.

Максаты: 1830-жылдан бийликке турган Луи Филипп 1ни королдук тактыдан түшүрүү, Экинчи республиканы (1848-52) жарыялоо, эркиндик жана жарандык укук орнотуу. 1840жылдан өлкөдө социалдык-экономикалык кризистер башталып, жумушсуздук, баанын өсүшү, ачкачылык (1845-47-ж. өлкөдөгү кургакчылыкка) ж. б. массалык нааразычылыктарды жараткан. 22февралда Парижде башталган жумушчулардын демонстрациясы тез эле элдик революцияга айланган. 24-февралда монархия кулап, Убактылуу өкмөт түзүлгөн. Жумушчулардын талабы боюнча 25-февралда респ. (экинчи респ.) жарыяланган. Жалпы шайлоо укугу (эркектер үчүн) киргизилип, жумушсуздар үчүн улуттук мастерскаялар ачылган. Эл саясий укуктарга жана жарандык эркиндиктерге ээ болуп, жумушсуздар иш менен камсыз болгон, бирок жумушчулардын укуктары жөнүндө маселе чечилбей калган. Жумушчу табынын идеялык жактан жетилбегенинен жана начар уюмдашканынан пайдаланып, бурж. республикачылар өз өкмөтүн түзүп, жумушчу табына каршы чабуулга өткөн. 1848-ж. 4-ноябрда өлкөнүн конституциясы кабыл алынып, өлкөдө Луи Наполеон Бонапарттын аскердик-диктатуралык бийлиги орногон. 1852-ж. 2-декабрда монархия (2-империя) кайра орнотулган. Франциядагы революция Европада революциялык окуялардын жүрүшүнө чон таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4