Француз Полинезиясы

тынч океандагы Франциянын океандык коомундагы аралдык департаменти.
Франция полинезиясы‎»‎ барагынан багытталды)

Француз Полинезиясы (фр. Polynésie française [pɔlinezi fʁɑ̃sɛːz]; таити. Pōrīnetia Farāni) — Франциянын океандагы коому жана өлкө. Тынч океандын түштүгүндө 2000 километрден ашык созулган, курамында Маркиз, Туамоту, Тубуаи, жана 121 арал, атолл. Француз Полинезиясынын жалпы жер аянты 3,521 чарчы километр, калкы 278,786 (август 2022-ж.), анын ичинен кеминде 205,000 Коом аралдарында жашайт, ал эми калган калкы архипелагдын калган бөлүгүндө жашайт.

Франция Франциянын деңиздеги коомдук аянты
Француз Полинезиясы
фр. Polynésie française
Желек
Туусу
Герб
Герби
Урааны: Tahiti Nui Māre'are'a
Гимни: «Марсельеза»
Абалынын тарыхы

1842: Протекторат жарыяланды
1946: Аянттык абалы
2003: Жамааттык абал
2004: Өлкө абалы

Борбору

Папита

Ири шаары

Фааа[1]

Расмий тилдери

Француз тили

Таанылган аймактык тилдери

Тахити тили • Тубуаи тили • Раивавае тили • Рапа • Мангарева • Туамутан • Маркезан

Этникалык улуттар

11% Европалыктар

Демоними

франциялык, полинезиялык

Өкмөтү

деволюциялык парламенттик курулуш

Президент

Мутай Бротерсон

Мыйзамы

Француз Полинезиясынын Ассамблеясы

Аянты
• Жалпы

4,167км2

• Жер

3,521км2

• Суу (%)

12%

Популяция
• Калкынын саны

278.786[2] (2022)

• Жыштыгы

79 киши/км2

Экономикасы
Жалпы ИДӨ

6.01 млрд$

Ар бир жанга ИДӨ

21,615$

Акча бирдиги

Тынч океандык франк (₣)

Убакыт аралыгы

UTC-10

Телефон коду

+689

Сыпаттама түзөтүү

Маруроа атоллунда 1996-ж. чейин ядролук куралдарды сыноо жүргүзүлүп келген. Аянты 4,1 миң км2. Калкы 291,0 миң (2010); негизинен полинезиялыктар («деңиз калкы» деп аталып, жылдыздуу асмандын картасын, шамалдын багытын жакшы билишет), ошондой эле француздар, кытайлар да жашайт. Административдик борбору – Папеэта (Таити аралында; Франциядан 17 100 км аралыкта). Административдик-аймактык жактан 5 административдик бөлүнүшкө – Айдарым аралдары, Ылымта аралдары (экөө тең Коом аралында), Туамоту-Гамбье, Маркиз аралдары, Острал (Тубуаи) аралдарына жана 48 коммунага бөлүнөт. Акча бирдиги – француздук тынч океан франкы.

Демографиясы түзөтүү

Калкынын 43% ин жаштар түзөт (20 жаштан төмөн). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 74,4 жаш, аялдарыныкы – 79,5. Элинин 98% и билимдүү. Динге ишенгендери протестанттар, католиктер. Расмий тили – француз жана таити тилдери. Шаар калкы 58%. Полинезия 19-кылымда Франциянын ээлиги болуп жарыяланган. 1958-жылдан Франциянын «деңиздеги алыскы аймагы». Аралды Франция президенти дайындаган жогорку комиссар башкарат. Аткаруу бийлиги – аймактын министрлер кеңеши. Жергиликтүү парламент – аймактын ассамблеясы (54 депутаттан туруп, 5 жылга шайланат). Ошондой эле аймактын тургундары Франциянын 1 сенаторун, парламенттин 2 мүчөсүн шайлоого укуктуу. Полинезияда Франциянын конституциясы кабыл алынган. Аралдын тургундары - Франциянын жарандары. Беш саясий партиясы бар.

Климаты аралдын борбордук бөлүгүндө тропиктик, пассаттык, түндүгүндө субэкватордук. Эң ысык мезгилде температура 27–32°С. Жылдык жаан-чачынынын саны 1700 мм. Нөшөрлөгөн жамгыр жаайт. Тропиктик урагандар, күчтүү толкундар болуп турат. Аралдарында жанартоо топурагы, атоллдорунда кум басымдуу. Дарыялары кууш терен өрөөндөр аркылуу агат. Шаркыратмалар көп. Анча чоң эмес көлдөрү бар. Жанартоолордун айдарым капталында дайыма жашыл түнт токой, ылымта беттеринде чөп өсүмдүктөрү өсөт. Шуру аралдары кокос пальмасы менен тегиз капталган. Жаныбарларга жарды.

 
Мангарева.

Экономикасында балык кармоо жана кендир буласын өндүрүү негизги ролду ойнойт. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 4,7 млрд АКШ долларын түзөт (2004). Аны киши башына бөлүштүргөндө 18,0 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 76, өнөр-жайдыкы 20, айыл-чарбаныкы 3,5. 2007-ж. 0,6 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Аймагынын 1%и гана иштетилет. Кокос, ваниль, жашылча-жемиш, кофе айдалат. Аймагынын 31% ин токой ээлейт. Үй куштары багылат. Эт-сүт багытындагы мал (Туамоту аралы-нда эт үчүн ит) асыралат. Айыл-чарба продуктулары кайрадан иштетилет. Белек-бечкектер даярдалат. Экономикасынын негизин туристтерди тейлөө түзөт. Кийинки кездери соода, кол өнөрчүлүк өнүгүүдө. Таити аралында өндүрүрүлгөн кара бермет дүйнөгө белгилүү. Балыкчылык өнүккөн. Сыртка кара бермет, кокос, ваниль, акула эти, белек-бечкектер чыгарылып, сырттан отун, азыктүлүк, өнөр-жай товарлары, машина жана анын жабдуулары алынат. Университет (1987), техникалык жогорку мектеби, мамлекеттик лицей, атайын окуу жайлары бар. Алгачкы билим алуу акысыз жана милдеттүү. Туристтердин келүүсү жылдан-жылга (жылына 180 миң) өсүүдө. Аларды суу дүйнөсү жана аралдардын бай фаунасы (таш бака, акула, деңиз жылдызы, өзгөчө кооз балыктар) кызыктырат. Аралда эч жерде кезикпеген музейлер (Таити тарыхы, сүрөтчү Гогендин, кара бермет жана үлүл) бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Бул катасыз жазылган, шаардын аты Faaa
  2. https://www.ispf.pf/content//uploads/RP_2022_Conference_de_presse_sur_la_presentation_des_nouveaux_chiffres_de_population_legale_22_novembre_2022_65eba56a35.pdf