Фреондор — муздаткыч машиналарда муздатуучу реагент катары колдонулуучу курамында фтору бар, хлорлуу каныккан углеводород. Практикада метан, этандын хлор жана фтор менен болгон бирикмелери көп колдонулат: фреон-12 СС12F2 ; фреон-14 СF 4 ; фреон-22 СНС1F 2 ; фреон-113 СС1F 2-СС12F(С2С13F3); фреон-114 СС1F2-СС1F2(С2С12F2); фреон-124а СС1F2-СНF2 ; фреон-142 С 2Н3С1F2 ; фреон-143 С 2Н3F3. Ф. аталышын шарттуу үч цифра менен белгилейт. Оң жактагы биринчи цифра бирикменин ичиндеги фтор атомунун санын, экинчи (ортодогу) цифра — суутек атомунун санынан бир бирдикке чон, үчүнчү цифра — көмүртек атомунун санынан бирге аз. Башка муздатуучу реагенттерге салыштырганда Ф. химиялык инерттүүлүгү, күйүп кетпөөчүлүгү, жарылбоосу, уусуз, зыянсыз, металлдарды дат бастырбай турган касиеттери менен айырмаланат. Ф. өтө эле кичине тешикчелер, көзөнөкчөлөр бекем тыгыздалган жерлерден өтүп кетүүгө жөндөмдүү, ошондуктан аны колдонууда аппараттар тешиктеринин арасын жана үстүн жылчыксыз каптап коюу керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү