Фра́нклин Па́трик Ге́рберт-младший (англ. Franklin Patrick Herbert, Jr.; 8 октябрь 1920 жыл, Такома, штат Вашингтон, АКШ — 11 февраль 1986 жыл, Мэдисон, Висконсин, АКШ) - америкалык жазуучу-фантаст, "Дюна хроникалары" циклинин автору катары таанымал, өзгөчө бул циклдеги биринчи Дюна чыгармасы аркылуу.

Фрэнк Герберт
Туулгандагы ысымы:

Франклин Патрик Герберт-кичүүсү

Туулган жери:

Такома, Пирс, Вашингтон, АКШ

Жарандыгы:

АКШ

Ишмердүүлүгү:

прозаик

Чыгармачылык жылдары:

1945—1986

Жанр:

илимий фантастика

Дебют:

«Бир нерсени издеп атасыңбы?» (англ. Looking for Something?)

Сыйлыктары:

мыкты роман үчүн «Небьюла» премиясы (1965), мыкты роман үчүн «Хьюго» премиясы (1966)

Биография

түзөтүү

Фрэнк Герберт 8 октябрь 1920 жылы Вашингтон штатынын Такома шаарында төрөлгөн, Сиэтлде Вашингтон университетин аяктаган. Жаш кезинен баштап жазуучу болгусу келген. 1938 жылы мектепти бүтүп, 1939 жылы өзүнүн жашын калп айтып «Глендейл стар» газетасына жумушка кирген[1]. Профессионалдуу жазуучу болоордон мурда, ар кайсы газеталарда редактор жана репортёр болуп иштеген,

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда флотто фотограф болгон, бирок 6 айлык кызматтан кийин комиссияланган. 1942 жылы Флора Паркинсонго үйлөнгөн, бирок 1945 жылы ажырашкан, ортодо Пенни деген кызы төрөлгөн. 1946 жылы Вашингтон университетине тапшырып, ал жерден Беверли Энн Стюартка жолуккан. Ал курстагы Герберттен сырткары аңгемелери жарыяланган жалгыз адам болгон. 1946 жылы алар үйлөнүшкөн, 1947 жылы биринчи баласы, а 1951 жылы - экинчиси төрөлгөн.

Биринчи илимий фантастика жанрдагы чыгармасы - «Бир нерсени издеп атасыңбы?» (англ. Looking for Something?) аттуу чыгармасы. Ал Startling Stories журналында жарыяланган (1952).

1950 жылдары ондогон аңгемелерди жана «Дөө деңизде» (англ. The Dragon in the Sea, 1955) романыны жарыялаган. Бул роман кийин «Кысымда» (англ. Under Pressure) деген аталыш менен да жарыяланган. Бирок кеңири таанымалдуулукту 1963 жылы «Analog» журналына жарыялаган «Дюна дүйнөсү» романы аркылуу атактуулукка жеткен. Ал «Дюна» романын биринчи бөлүгү болгон. Кийинчерээк бул журналды «Дюна пайгамбары» («The Prophet of Dune») аталышта уландысы жарыяланган. 1965 жылы бул эки бөлүк толук бир романга бириктилип, өзүнчө аталыш менен чыккан. Чыгарма дүйнөлүк таанууга арзып, фантастикалык адабияттага престиждүү премияларга татыган, «Небьюла» жана «Хьюго премияларына»

Роман ылдам эле XX кылымдын эң популярдуу фантастикалык романдардын бири болгонго жетишкен. Кийинки жылдары Геберттин калеми менен кумдуу планета жөнүндө окуянын уландысы чыгат: «Дюна Мессиясы» (англ. Dune Messiah, 1969), «Дюна балдары» (англ. Children of Dune, 1976), «Дюна Кудай-императору» (англ. God Emperor of Dune, 1981), «Дюна еретиктери» (англ. Heretics of Dune, 1984) жана «Дюна Капитулу» (англ. Chapterhouse: Dune, 1985). Дюна жөнүндөгү сагада, алыскы келечекте жана беш миң жылга уланган окуяда, көптөгөн суроолор көтөрүлөт, адамзаттын эволюция учурундагы тирүү калуучу, экология маселелери, диний аракеттер, саясат жана бийлик. Дүйнөнү көптөгөн алдыңкылары бул циклди илимий фантастиканын классикасы деп, бул жанрдын кеңири «ачык» жана «толук» өкүлү деп белгилешет. Фрэнк Герберттин уулу Брайан Герберт атасынын Дюна ааламынын романдар сериясын уланткан.

Фрэнк Герберт дагы башка чыгармаларды жазган, алардын арасынан белгилей кетчү, «Дөө деңизде» (англ. Dragon in the Sea, 1956), «Жашыл мээ» (англ. The Green Brain, 1966), «Багыт — боштук» (англ. Destination: Void, 1966), «Гейзенберг көзү» (англ. The Eyes of Heisenberg, 1966), «Асмандын жаратуучулары» (англ. The Heaven Makers, 1968), «Сантароги барьери» (англ. The Santaroga Barrier, 1968), «Хеллсторм уюгу» (англ. Hellstrom’s Hive, 1973), «Жылдыз камчы астанда» дилогиясы(англ. Whipping Star, 1970) жана «Досади эксперименти» (англ. The Dosadi Experiment, 1977).

2003 жылы Брайан Герберт атасы Фрэнк Герберттин биографиясын камтыган - «Дюна кыялкечи» (англ. Dreamer of Dune) китебин чыгарган. Бул китепти Брайан көптөгөн жылдардан бери Герберттер үй-бүлөсүнүн олуттуу окуяларын журналга жазып жүрүүдөн башталган. Кийинчерээк бул жазмалар атасынан чоң биографиясына айланган.

Библиография

түзөтүү
Жыл Аталышы Нукура аталышы
1952 Бир нерсеге суранып атасыңарбы? Looking for Something?
1954 Операциялык синдром Operation Syndrome
1954 Жоолгон иттер The Gone Dogs
1954 Pack Rat Planet
1955 Келемиштер жарышы Rat Race
1955 Оккупациялык күчтөр Occupation Force
1956 The Nothing
1956 Кысымда [ = «Дөө деңизде» / «XXI кылымдын Субмаринасы»] Under Pressure [= «Dragon in the Sea» / «21st Century Sub»]
1958 Эски адашкан үй Old Rambling House
1958 You Take the High Road
1958 A Matter of Traces
1959 Missing Link
1959 Operation Haystack
1960 Haiku
1961 Egg and Ashes
1961 Чектөөсүз A-W-F Unlimited
1961 Mating Call
1961 Try to Remember
1962 Mindfield!
1964 The Mary Celeste Move
1964 The Tactful Saboteur
1965 Дюна Dune
1965 Баардыктын комитети Committee of the Whole
1965 G M Эффекти The G M Effect
1966 Багыт — боштук[="Түш же өң?"] Destination: Void [="Do I Wake or Dream?"]
1966 Жашыл мээ The Green Brain
1966 The Primitives
1966 Escape Felicity
1966 Гейзенберг көзү Heisenberg’s Eyes
1966 Китеп боюнча By the Book
1967 The Featherbedders
1967 Асман жаратуучулары The Heaven Makers
1968 Сантароги барьери The Santaroga Barrier
1970 Дюна Мессиясы Dune Messiah
1970 Жылдыз камчы алдында Whipping Star
1970 Seed Stock
1970 Murder Will In
1972 Жандарды кармоочу Soul Catcher
1972 Кудайды жараткандар [="Кудайды жараткандар"] The Godmakers [="The Priests of Psi"]
1973 Хэллстром уюгу Hellstrom’s Hive [= «Project 40»]
1976 Дюна Балдары Children of Dune
1977 Досади эксперименти The Dosadi Experiment
1978 Come to the Party
1979 Иса менен инцидент[="Пандора жашиги"] (Билл Рэнсом менен) The Jesus Incident
1979 Song of a Sentient Flute
1980 Түз түшүү Direct Descent
1981 Дюна Кудай-императору God Emperor of Dune
1982 Ак Чума The White Plague
1983 Лазар эффекти (Билл Рэнсом менен) The Lazarus Effect
1984 Дюна Еретиктери Heretics of Dune
1985 Дюна Капитулу Chapter House: Dune
1986 Эки дүйнөнүн адамы (Брайан Герберт менен) Man of Two Worlds
1988 Көтөрүлүү фактору (Билл Рэнсом менен) The Ascension Factor

Адабият премияларынын лауреаты

түзөтүү

«Дюна» «Небьюла» премиясына татыган биринчи роман болгон. Фрэнк Герберттин өзү дагы премиянын жеңүүчүлөрүн аныктаган калыстар курамында болгон. Бул 1975 жана 1976 (Nebula) жылдары, жана 1986 (Hubbard) жылы болгон.

  • 1975 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 1-орун («Дюна» романы үчүн);
  • 1977 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 4-орун («Дюна Балдары» романы үчүн);
  • 1977 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 19-орун;
  • 1978 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 7-орун («Досадиялык эксперимент» романы үчүн);
  • 1982 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 6-орун («Дюны Кудай-императору» романы үчүн);
  • 1982 «Мыкты антология» «„Небьюланын“ 15 жеңүүчүсү» антологиясы үчүн) категориясында 26-орун;
  • 1983 «Мыкты илимий-фантастикалык роман» (Ак чума» романы үчүн) категориясында 19-орун;
  • 1985 «Мыкты илимий-фантастикалык роман» («Дюна Эретиктери» романы үчүн) категориясында 19-орун;
  • 1986 «Мыкты илимий-фантастикалык роман» («Дюна Капитулу» романы үчүн) категориясында 17-орун;
  • 1986 «Мыкты жыйнак» («Eye» жыйнагы үчүн) категориясында 20-орун;
  • 1988 «Мыкты фантастикалык эмес чыгарма» («The Maker of Dune: Insights of a Maker of Science Fiction» эссеси үчүн) категориясында 13-орун;
  • 1988 «Бардык замандын мыкты илимий-фантастикалык жазуучусу» категориясында 13-орун;
  • 1998 «Бардык замандын мыкты илимий-фантастикалык жазуучусу» категориясында 3-орун;
  • 1999 «Бардык замандын мыкты илимий-фантастикалык жазуучусу» категориясында 9-орун;

Эскертмелер

түзөтүү
  1. Frank Herbert, author of sci-fi best sellers, dies, Pittsburgh Post-Gazette (13 -февраль (бирдин айы) 1986). Текшерилген күнү 11 -февраль (бирдин айы) 2014.

Шилтемелер

түзөтүү