Фрэнсис Форд Коппола (англ. Francis Ford Coppola;англисче айтылышы: /ˈkoʊpələ/; 1939-жылы 7-апрелде туулган) — Фрэнсис Коппола деп да көрсөтүлүп жүрөт, кээде өз тармагында кызмат көрсөткөн пенсиядагы америкалык режиссер, продюсер жана сценарист. Ал Голливуддагы тасма тартуунун жаңы толкунун баштаган киши деп аталып келет.

«Жамгыр адамдары» (1969) тасмасын тарткандан кийин ал 1970-жылы жарык көргөн «Паттон» тасмасынин сценарийин Эдмунд Х. Норт менен кошо жазышкан. Бул үчүн алар «Оскардын» «Эң мыкты сценарий» наамын жеңип алышкан. Анын режиссердук бедели 1972-жылы «Өкүл ата» кинотасмасынан кийин бекемделген. Анын бул эмгеги гангстер жанрындагы тасма тартуу боюнча төңкөрүш жасаган. Киносынчылардын да, көрүүчүлөрдүн да алкышына татып,«Оскардын» «Эң мыкты ылайыкташтырылган сценарий» (Марио Пузо экөө) жана «Эң мыкты тасма» номинацияларын жеңип алган.

Ал «Өкүл ата.2-бөлүк» тасмасын 1974-жылы уланткан.Киносынчылардын жогору баасына татыган тасма ага үч «Оскар» сыйлыгын алып келген. Алар: «Эң мыкты ылайыкташтырылган сценарий», «Эң мыкты режиссер» жана «Эң мыкты тасма». Ал бир эле тасма үчүн үч жолу сыйга татыган режиссерлордун ичинен Билли Уилдерден кийинки эле экинчиси болуп калган. Ал өзү режиссерлук кылып, продюсери да болуп, сценарийин да жазган «Сүйлөшүү» тасмасы 1974-жылы экрандаштырылып, ошол эле жылы «Канн» кинофестивалынын «Алтын пальма бутагы» сыйлыгына арзыган. Андан кийин ал 1979-жылы «Бүгүн кыямат» тасмасын тарткан. Мөөнөтү менен өндүрүшү сынга кабылган тасма Вьетнам согушун жандуу жана курч сүрөттөгөнү үчүн мактоого татыган. Тасма 1979-жылы «Канн» кинофестивалынын «Алтын пальма бутагы» сыйлыгын алып, Коппола эки жолу «Алтын пальма бутагын» алган сегиз киночунун бири болуп калган.

Копполанын 1980 жана 1990-жылдардагы аракеттери киносынчылардын алкышын алган болсо да ал 1970-жылдардагы коммерциялык ийгилигин кайталай алган эмес. Анын 1980-жылдардан берки тарткан драма жанрындагы көрүнүктүү киносу «Элден чыгып калгандар» (1983), «Коттон клубу» (1984) криминалдык драмасы жана «Брэм Стокердин дракуласы» (1992) коркунучтуу тасмасу болуп эсептелет.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү