Фрэнсис Ходжсон Бернетт

Фрэнсис Элиза Бөрнет‎»‎ барагынан багытталды)

Фрэнсис Элиза Ходжсон Бернетт (англ. Frances Eliza Hodgson Burnett; 1849-жылы 24-ноябрь - 1924-жылы 29-октябрь) Британ-Америкалык жазуучу жана драматург. Ал үч балдарга арналган "Кичинекей Лорд Фаунтлерой" (1885-1886жжылы чыккан), "Кичинекей канзаада" (1905-ж) жана "Сырдуу бакча" (1911-ж) романдары менен белгилүү болгон.

Фрэнсис Ходжсон Бернетт.

Өмүр таржымалы түзөтүү

 
Кичинекей Лорд Фаунтлерой.

Фрэнсис Элиза Ходжсон Читам, Манчестер, Англияда туулган. 1852-жылы атасы каза тапкан соң,үй бүлөө оор учурларга дуушар болгондуктан 1865-жылы АКШнын Кноксвилле, Теннесиге эмиграция болушкан. Френсис 19 жашынан баштап,үй бүлөөсүнө жардам көрсөтүү максатында журналдарга чыгармаларын чыгаруу менен акча таба баштаган. 1870-жылы апасы каза тапкан жана Френсис 1872-жылы кийинчээрек дарыгер болуп эмгектенген Свон Бернетке турмушка чыккан. Бернет үй бүлөөсү Парижде эки жыл жашаган учурунда, эки уулду болушкан.Кайрадан АКШга, тагыраак айтканда Вшингтонго кайра кайтып келүүгө чейин Бернет романдарды жазууну кайрадан жандандырган жана биринчи "Ласс о Лоури" чыгармасы басылып чыгарылгандан соң, көптөгөн жакшы сындарга татыган. "Кичинекей Лорд Фаунтлерой" 1886-жылы чыгып, балдарга арналган фантастика стилиндеги жазуучу атактуулугн алап келген жана ошондой эле 1890-жылы жазылган улууларга арналган романдары да белгилүү болгон. "Кичинекей Лорд Фаунтлерой" жана "Кичинекей канзаада" чыгармаларынын сахналаштырган вариантын жазууга жана түзүүгө жардам берген.

Барнетт сүйлөшүүлөрдү жактырган жана жашоодон толугу менен ырахат алган инсан болгон. 1880-ж тартып Англияга тез тезден каттап баштагандыктан 1890-жылы ошол жерден үй сатып алган жана ошол үйдө "Сыйкырдуу бакча"аттуу чыгарма жаралаган. Анын тун уулу Лайонель 1890-жылы кургак учук оорусунан көз жумган, бул окуя адан катуу депрессияга дуушар кылган жана ал депресси менен өмүрүнүн аягына чейин күрөшүп келген. 1898-жылы Свон Бернет менен ажырашып, 1900-жылы Степан Таунсендге күйөөгө чыгып,1902-жылы аны менен ажырашып кеткен. Бир нече жыл өткөндөн кийин ал Нассау Каунти, Лоңг Айлендге көчүп келген, ошол жерде 1924-жылы көз жумган жана сөөгү Рослин мүрзөсүнө коюлган.

1936-жылы жазуучунун урматына Бесси Поттер Воннох тарабынан мемориалдык айкел Борбордук Парктын Консерваториялык Бакчасында тургузулган. Эстелик атактуу"Сыйкырдуу бакча" чыгармасынын эки белгилүү каармандарын Мэри жана Диконду чагылдырат.

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү