Фуйү ооданы ( кыт. жең. 富裕县, пиньинь: Fùyù xiàn) — КЭРдин Хыйлоңжыяң провинциясындагы Чычыхар шаар округуна кирген оодан. Оодандын аталышы тууралуу божомолдордун бири; бул жерден агып өтүүчү Уюй дарыясынын наамынан аталган делет. Фуйүдө кытайлык кыргыздардын бир бөлүгү жашайт.

Фуйи
Аянты:

4 335 км²

Калкынын саны:

2010

Калкы:

276 537 чел.

Почта индекстери:

161200

Телефон коддору:

452

Карта

Тарыхы түзөтүү

1931-жылы Манжурия жапон аскерлери тарабынан оккупацияланган. 1932-жылы Маньчжоу-го марионет мамлекети түзүлгөн. 1933-жылдын октябрь айында Маньчжоу-го бийлиги тарабынан Фуйи ооданы негизделген.

1958-жылдын августунан баштап Нэньцзян атайын районунун (嫩江专区, акырында — Нэньцзян округунун (嫩江地区)) курамында болуп, 1960—1961-жылдары түздөн-түз Чычыхарга карап калгандыктан, убактылуу жоюлган. 1985-жылы Нэньцзян округу бөлүнүп-таратылганда, Фуйи Чычыхар шаар округунун ооданы болуп калган.

Административдик бөлүнүшү түзөтүү

Фуйи ооданы 5 посёлокко, 3 болуштукка жана 2 улуттук болуштукка бөлүнөт.

Коңшу административдик бирдиктер түзөтүү

Фуйи ооданы чыгыш жагынан Йыан ооданы менен, түндүгүнөн Нахи шаар ооданы, түндүк-батышында Ганьань ооданы, батыштан Мэйлисы-Даур улуттуу району менен, түштүк-батышынан Цзяньхуа жана Тефэн райондору менен чектешсе, ал эми түштүк тарабынан дацин шаар округу менен чектешет.

Экономика түзөтүү

Негизинен айыл чарбачылык менен алектенишет. Өсүмдүк өстөрүү жана мал багуу, ошондой эле, кагаз, ликёр жана сүт өндүрүлөт.

Транспорт түзөтүү

Оодандан Годао 111 улуттук шоссеси өтөт.

Фуйүлүк кыргыздар түзөтүү

Шилтеме түзөтүү

Хыйлоңжаңдагы кыргыздар(жеткиликсиз шилтеме)

http://www.fuyu.gov.cn/main/viewDetail.jsp?newsid=95849&subjectid=3365 Archived 2012-08-30 at the Wayback Machine </ref>

Эскертүү түзөтүү