Фульбелер, фула, фулани - эл, Батыш Африкада (Мавритания, Гамбия, Сенегал жана Гвинеядан Камерунга, ошондой эле Суданга чейин) жашашат.

Жалпы саны 10 млндой (2010). Фула тилинде сүйлөшөт. Дини - ислам. Антропол. жактан эфиоп элдеринин расасына жакын. Фула элинин келип чыгышы жөнүндө түрдүү божомолдоолор бар: Түндүк Африканын протоберберлери жана бафурлар (Сахара калкы) менен аралашкан; Африканы басып алган азиялык көчмөн уруулар жана Египет менен тыгыз байланышкан. Фульбелер алгач Сенегал д-сынын жээктеринде жашап, өзүнүн королдугун негиздеген. 9-кылымдын башында Бунду, Бамбук, Диомбоко, Каарта жана Багана аймактарына жер которушкан. Кесиби негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, ошондой эле соода жана фермерчилик. Учурда көпчулүгү шаарда иштешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4