Футбол достук үчүн (англисче: Football for friendship) — “Газпром” коомдук акционердик уюмунун “Газпром- балдар үчүн” демилгесинин алкагында жыл сайын өткөрүлүүчү балдардын эл аралык социалдык программасы. Программанын максаты — футбол аркылуу жаш муунду актуалдуу баалуулуктарга үйрөтүү жана сергек жашоого болгон кызыгын арттыруу.[1]

Программанын алкагында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн чогулган 12-14 жаш курагындагы футболчулар жыл сайын өткөрүлүүчү балдар форумуна, көчө футболу боюнча мелдешке, эл аралык футбол жана достук күнүнө карата иш-чарага катышышат.[2][3]

Долбоордун элчиси германиялык белгилүү футболчу жана машыктыруучу Франц Беккенбауэр.[4] 

"Футболдун маңызы анын адилеттүүлүгүндө. Анда чек жок жана өмүр бою достук мамилени түзө алат. “Футбол достук үчүн” программасы жаш балдарды улутка жана расага бөлүнбөөгө, сергек жашоо образын калыптандырууга, командада иштөөгө, бирге утулуп, бирге утууга  үйрөтүүгө чакырат" [5]

2016-жылы “Футбол достук үчүн” программасы Бизнес-коммуникаторлорунун эл аралык ассоциациясынын (IABC) Gold Quill Awards сыйлыгынын “Корпоративдик социалдык жоопкерчилик” наамы боюнча жеңүүчү аталды.[6] Программанын башкы оператору АГТ Коммуникациондук тобу (Россия).[7]

Тарых түзөтүү

Биринчи форум түзөтүү

Алгачкы жолу “Футбол достук үчүн” эл аралык форуму 2013-жылы 25-майда Лондон шаарында орун алган. Форумга Форумга Болгария, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Греция, Россия, Сербия жана Словения мамлекеттеринен (8 өлкө) 670 катышуучу келген.[8] Форумга Россиянын  атынан катышкан команда 2018-жылкы Дүйнө чемпионатынын оюндарын кабыл ала турган 11 шаардын футболчуларынын түзүлгөн.[9]

Форумга буга катар «Зенит», «Челси», «Шальке 04», «Црвена Звезда» клубдарынын өспүрүмдөркомандалары, «Газпром» ишканасынын балдар арасындагы спартакиадасынын жеңүүчүлөрү, “Факел” фестивалынын жеңүүчүлөрү катышкан.[10]

Форум учурунда балдар башка өлкөлөрдөн келген тең туштары менен, атактуу футболчулар менен маектешип, “Уэмбли” стадионунда Чемпиондор Лигасынын финалына күбө болушкан.[11]

Форумдун жыйынтыгында балдарга ылайыкталган программанын 8 баалуулугунун тизмеси түзүлгөн: достук, теңдик, адилеттүүлүк, дени сактык, тыкчтык, берилгендик, жеңиш жана салттар.[12]

Кийин тизме жазылган кат УЕФАнын, ФИФАнын жана Эл аралык Олимпиада комитетинин башчыларына жөнөтүлгөн.[13] 2013-жылы сентябрь айында Йозеф Блаттер, Владимир Путин жана Виталий Мутко менен жолугушуу маалында катты алганын жана “Футбол достук үчүн” программасын колдоого даяр экенин тастыктаган.[14]

Экинчи форум түзөтүү

“Футбол достук үчүн” экинчи эл аралык балдар форуму 2014-жылы 23-25-май күндөрү Лиссабон шаарында өткөн.  Форумга 16 мамлекеттен 450 футболчу катышкан: Белоруссия, Болгария, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Италия, Нидерланды, Польша, Португалия, Россия, Сербия, Словения, Түркия,Украина, Франция и Хорватия. Анда балдар көчө футболу боюнча мелдешке катышкан жана УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалын көрүшкөн.[15]

Форумдун жыйынтыгында “Футбол достук үчүн” кыймылынын лидери шайланган. Лидерликке Португалиялык Филипе Суарес келген.[16] 2014-жылдын июнь айында кыймылдын лидери катары Филипе Суарес Юрий Андреевич Морозовдун жаркын элесине арналган тогузунчу эл аралык балдар мелдешине келген.[17]

Үчүнчү форум түзөтүү

“Футбол достук” үчүн деген аталыштагы үчүнчү форум 2015-жылы 4-7-июнь күндөрү Берлин шаарында болгон[18]. Форумга 24 мамлекеттен 24 футболдук клуб катышкан.[19]

Форумга катышкан балдар анда башка өлкөдөн келген жаш футболчулар менен, атактуу футболчулар менен жана программанын элчиси Франц Беккенбауэр менен баарлашып, 24 команданын катышуусунда өткөн өспүрүмдөр арасындагы көчө футболу боюнча мелдешке катышышкан.[20]

Форумду дүйнө жүзүндөгү көрүнүктүү басылмалардын 200дөй журналисттери,[21] ошондой эле Европа жана Азиянын өлкөлөрүнөн чогулган 24 жаш репортер чагылдырган. Жаш репортерлор Эл аралык балдар пресс-борборунун өкүлдөрү.[22]

Форумдун башкы окуясы “Тогуз баалуулук” кубогунун тапшырылышы болгон. Анда “Футбол достук үчүн” программасына катышкан жаш футболчулар кубокту УЕФАнын Чемпиондор Лигасына катышкан профессионалдык клубдарга программанын 9 баалулугунун ишке ашуусуна көрсөткөн колдоо үчүн жана социалдык долбоорлорду ишке ашырганы үчүн тапшырат. Программанын тогуз баалуулугу: достук, теңдик, адилеттүүлүк, дени сактык, тынчтык, берилгендик, жеңиш, салттар жана намыс.[23]

Жеңүүчүнү форумга катышкан 24 мамлекетте өткөрүлгөн добуш берүүдө балдар аныкташкан.[24]

“Тогуз баалуулук” кубогунун жеңүүчүсү болуп Барселона футболдук клубу табылган (Испания).[25]

Форум аяктаган соң бардык катышуучулар салттуу түрдө УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын  2014/2015 жылкы сезонундагы финалын көрүшкөн. Беттеш Берлиндеги Олимпиадалык стадиондо өткөн.[26]

Төртүнчү форум түзөтүү

«Достук үчүн футбол» эл аралык балдар социалдык программасынын төртүнчү сезонунун башталышы[27] онлайн Hangouts маалымат жыйынынын алкактарында берилген[28] , (ал 2016-жылдын 24-мартында Мюнхенде өткөн).[29]

«Достук үчүн футбол» төртүнчү эл аралык балдар форуму 2016-жылдын 26-29-майында Миланда өттү.[30] Бул жылы программага Азербайжандан, Алжирден, Армениядан, Аргентинадан, Бразилиядан, Вьетнамдан, Кыргызстандан, Сириядан келишкен 8 боз уландар командалары кошулушту.[31]

Форумдун алдында 2016-жылдын 5-апрели күнү уникалдуу трофей – «Тогуз баалуулук» Кубогу үчүн добуш берүү башталган[32]. Жеңүүчүнү тандоого бүткүл дүйнө жүзүнөн күйөрмандар катышышкан, бирок акыркы чечимди «Достук үчүн футбол» программасынын катышуучулары добуш берүү жолу менен түзүшкөн. Бул жылы Кубоктун ээси болуп «Бавария» (Мюнхен) футбол клубу саналган. «Достук үчүн футбол» программасынын катышуучулары клубдун атайын муктаждыктары бар балдарды колдоо боюнча ишмердигин, ошондой эле ар түрдүү өлкөлөрдөгү балдарды дарылоо жана муктаждарга жардам көрсөтүү тармагындагы демилгелерин белгилеп кетишкен.[33]

«Достук үчүн футбол» программасынын Форуму көчө футболу боюнча балдар эл аралык турниринин финалдык оюну менен аяктаган. Оюнда Словениядан келген «Марибор» командасы жеңүүчү болуп калган.[34] Форум аяктагандан кийин катышуучулар салт болуп калгандай УЕФАнын Чемпиондор лигасынын финалдык матчына барышкан.[35] Форумдун окуяларын дүйнөнүн алдыңны ЖМКларынын 200дөн ашуун журналисттери, ошондой эле ага программанын катышуучу-өлкөлөрүнөн келишкен жаш журналисттер кирген Балдар эл аралык басма сөз кызматы чагылдырып турушкан.[36]

Көчө футболу боюнча эл аралык мелдеш түзөтүү

“Футбол достук үчүн” программасынын алкагында көчө футболу боюнча эл аралык мелдеш 2014-жылдан тарта уюшулуп келет. Мелдештин алгачкы жеңүүчүсү "Бенфиканын" өспүрүмдөр командасы болгон (Португалия), экинчи орунду "Црвена Звезда" (Сербия), үчүнчү орунду Россиянын 2018-жылкы дүйнө чемпиондугу өтө турган шаарларынан түзүлгөн команда ээлеген.[37]

Эл аралык балдар пресс-борбору түзөтүү

“Футбол достук үчүн” программасынын алкагында 2014-жылы Эл аралык балдар пресс-борбору түзүлгөн. Пресс-борборго 16 өлкөдө өткөрүлгөн “Мен – репортер!” чыгармачылык сынагынын жеңүүчүлөрү болгон 12-14 жаш курагындагы 16 журналист кирген. Сынакка 300 эмгек жана 1000ден ашык сүрөт келип түшкөн[38]. Журналисттер Лиссабондо өткөн “Футбол достук үчүн” программасынын экинчи форумун чагылдырышкан. Мыкты репортер болуп Нидерландыдан келген Филомена Ханен табылган[39].

Эл аралык футбол жана достук күнү түзөтүү

“Футбол достук үчүн” программасынын алкагында 25-апрелде Эл аралык футбол жана достук күнү белгиленет.[40] Алгачкы жолу майрам 2014-жылы 16 өлкөдө белгиленген.[41] Бул күнү достук беттештери, флешмобдор, радиомарафондор, мастер-класстар, телешоулор, ачык машыгуулар жана башкалар өткөн. Салтанатты белгилөөгө 50 000ден ашык адам катышкан.[42]

2015-жылы Футбол жана достук күнү 24 мамлекетте белгиленген[43]. Бул күндү белгилөөдө футболдук достук беттештери жана башка иш-чаралар болгон[44]. Германияда  "Шальке 04" футболдук клубунун футболчулары ачык машыгуу өткөрүшкөн, Сербияда ТВ-шоу[45], Украинада ФК "Волынь" өспүрүмдөр командасы менен социалдык кызматтын каттоосунда турган балдардын, жаштардын жана  үй-бүлөлөрдүн балдарынын оюну болгон[46].

Футбол жана достук күнү 25-апрелде Россиянын 11 шаарында белгиленди[47]. Владивосток, Новосибирск, Екатеринбург, Красноярск, Барнаул,Санкт-Петербург жана Саранск[48] шаарларында программанын 9 баалуулугун эске алып, футбол боюнча достук оюндары өткөрүлгөн[42]. Красноярск, Сочи жана Ростов-на-Дону шаарларында Олимпиаданын отун ташыгандардын катышуусунда "Достук эстафетасы" орун алды[49]. Москвада көзү азиздер федерациясынын колдоосу астында "Тең мүмкүнчүлүктөр мелдеши өттү"[42]. 5-майда Футбол жана достук күнү Нижний Новгород[50] жана Казань[51] шаарларында белгиленди.

Достук билериги түзөтүү

Эл аралык футбол жана достук күнүндө бардык иш-чаралар толеранттуулук, теңдик жана дени сак жашоо образынын символу болгон Достук билериктерин алмашуу менен башталат.  Билерик көк жана жашыл түстөгү жиптерден куралган. Аны программанын баалуулуктарына орток болгон каалоочулардын баары тагына алышат[42]. Франц Беккенбауэрдин айтымында

Эки түстү камтыган билерик жөнөкөй жана түшүнүктүү болуп, “Футбол достук үчүн” программасынын баалуулуктарынын катарына кирет[52]

2014-жылы Достук билеригин Дик Адвокат[53], Анатолий Тимощук жана Луиш Нету[54], Франц Беккенбауэр[55] тагынган.

Пост-активдүүлүк түзөтүү

“Футбол достук үчүн” программасынын футболчулары расмий сезондон тышкары бир катар иш-чараларга катышат. 2013-жылдын май айында "Марибор" (Словения) футболдук клубунун жаштар командасынын өкүлдөрү камбоджалык балдар менен достук оюнун өткөрүшкөн[56]. 2014-жылы 14-сентябрда Сочи шаарында Россиянын атынан программага катышкан балдар Владимир Путин менен маектешишкен. Маек Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен ФИФАНын президенти Йозеф Блаттердин жолугушуусунун алкагында болгон[57]. 2014-жылы июнда Франциянын президенти Франсуа Олланд “Футбол достук үчүн” программасынын катышуучусу “Таверни” командасын Елисей ордосуна  2014-жылкы дүйнө чемпиондугундагы  "Франция - Нигерия" беттешин көрүүгө чакырган[58].

Ссылки түзөтүү

  1. архив көчүрмөсү.
  2. http://www.sport-express.ru/football/reviews/981306/ 
  3. http://www.kommersant.ru/doc/2946299 
  4. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 28 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 5 -март (жалган куран) 2016.
  5. http://fcbusiness.co.uk/news/article/newsitem=2379/title=franz+beckenbauer+kicks+off+gazprom%92s+%91football+for+friendship%92+campaign(жеткиликсиз шилтеме)
  6. http://www.interfax-russia.ru/Moscow/special.asp?id=717155&sec=1725 
  7. https://lenta.ru/news/2016/04/14/footballforfriendship/ 
  8. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 28 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 18 -май (бугу) 2015.
  9. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 28 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 18 -май (бугу) 2015.
  10. http://www.interfax-russia.ru/South/print.asp?id=403445&type=view 
  11. http://www.ntv.ru/sport/627113
  12. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 28 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
  13. http://www.interfax-russia.ru/Moscow/photo.asp?id=412770
  14. http://www.gosrf.ru/news/11535/
  15. http://www.kommersant.ru/doc/2480964 
  16. http://www.regnum.ru/news/sport/1806626.html
  17. http://megapolis812.ru/10-stati/storonnie-materialy/2627-lider-globalnogo-dvizheniya-futbol-dlya-druzhby-filipe-soares-posetil-sankt-peterburg-dlya-uchastiya-v-turnire-pamyati-yu-a-morozova.html
  18. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 28 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 24 -сентябрь (аяк оона) 2015.
  19. http://footcom.ru/news.php?page=1406
  20. http://www.championat.com/football/news-2162531-sostojalsja-mezhdunarodnyj-detskij-forum-v-ramkakh-proekta-futbol-dlja-druzhby.html 
  21. http://www.sport-express.ru/football/champions-league/reviews/884425/ 
  22. http://www.metronews.ru/sport/futbol-i-druzhba-smogli-obedinit-ves-mir/Tpoofj---xI1UqPmfg7E/
  23. http://spb.sovsport.ru/gazeta/article-item/813 Archived 2016-03-04 at the Wayback Machine320 
  24. http://www.kommersant.ru/doc/2743888 
  25. http://www.regnum.ru/news/sport/1931320.html 
  26. http://www.interfax-russia.ru/Moscow/photo.asp?id=619447 
  27. http://www.interfax-russia.ru/Moscow/special.asp?id=711022&sec=1725 
  28. https://www.youtube.com/watch?v=ZhOPARx9Lko&ebc=ANyPxKrvVtcwcH9jri5yZlDYu3Oz8gjiQSs-_JdHR04yPPX6STY0qUKkmMqBxBqNHhtknqxzPoQu_9MH7gROEKUPGf_5XZDygQ&nohtml5=False),
  29. http://matchtv.ru/news/sostoyalas-konferentsiya-posvyashchennaya-startu-mezhdunarodnoy-detskoy-sotsialnoy-programmy-futbol-/ 
  30. http://tass.ru/sport/3117141
  31. http://www.metronews.ru/sport/dan-start-chetvjortomu-sezonu-mezhdunarodnoj-detskoj-programmy-futbol-dlja-druzhby/TpopcB---lKtXqzDdQ9UI/
  32. http://www.gazeta.ru/sport/news/2016/04/05/n_8462843.shtml 
  33. https://lenta.ru/photo/2016/06/01/footballforfriendship/#14
  34. Дети счастливы, взрослые – в восторге
  35. http://www.kommersant.ru/doc/3000773
  36. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 10 -июнь (кулжа) 2016. Түп булактан архивделген күнү 8 -август (баш оона) 2016.
  37. http://www.kommersant.ru/doc/2480964
  38. http://www.sport-express.ru/football/reviews/826819 
  39. http://www.regnum.ru/news/sport/1806626.html 
  40. http://rbth.co.uk/sport/2015/05/15/children_from_24_countries_celebrate_day_of_football_and_friendship_46087.html
  41. http://sport.rbc.ru/news/210794 
  42. 42.0 42.1 42.2 42.3 http://m.lenta.ru/articles/2015/04/28/bratstvo
  43. http://www.fontanka.ru/2015/04/26/030
  44. http://www.sport-express.ru/newspaper/2015-04-27/9_4
  45. http://www.interfax-russia.ru/Moscow/photo.asp?id=606149
  46. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 28 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
  47. http://www.vesti.ru/videos/show/vid/643275/cid/680 
  48. http://info-rm.com/2015/04/23/v_nordovii_otprazdnuyut_mezhdunarodnyj_den_futbola_i_druzhby.html
  49. http://www.kommersant.ru/doc/2714377 
  50. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 28 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 18 -май (бугу) 2015.
  51. http://mdms.tatarstan.ru/rus/index.htm/news/427274.htm Archived 2016-05-30 at the Wayback Machine 
  52. http://www.vninform.ru/302497/article/franc-bekkenbauer-futbol-dlya-druzhby-stanovitsya-mezhdunarodnym-dvizheniem
  53. http://www.sport-express.ru/football/reviews/826315/ 
  54. http://bigpicture.ru/?p=516227 
  55. http://www.kr-news.ru/news/49950-rostov-na-donu-podderzhal-globalnoe-dvizhenie-futbol-dlya-druzhby Archived 2015-05-18 at the Wayback Machine 
  56. http://sport.rbc.ru/article/172216/
  57. http://kremlin.ru/events/president/news/19222
  58. http://www.leparisien.fr/politique/mondial-2014-hollande-invite-deux-clubs-amateurs-a-l-elysee-pour-france-nigeria-28-06-2014-3960541.php