Футурология (лат. futurum - келечек, logos — сөз, окуу) — коомдук турмуштун ишмердүүлүгүнүн түрдүү чөйрөлөрүндө, максаттарында жана адамзаттын келечегиндеги процесстердин мүмкүн болгон динамикасы тууралуу теориялык изилдөөлөрдүн, илимий билимдердин, социалдык алдын-ала ашуулардын жана элестетүүлөрдүн областы.

Көп учурда прогноздоонун синоними катары колдонулат. Футурология терминин 1943-ж. немец социологу О.Флехтхейм илимге киргизген. Футурология түшүнүгү коомдун турмушунда батыш социологдордун жана философтордун адамзаттын келечегин, боло турган өзгөрүүлөрдүн моделцн жана сценарийин анализдөөнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга мажбур кылган сапаттык жацы кубулуштардын, процесстердин, өзгөрүүлөрдүн пайда болушу менен шартталган. Футурология келечекти түзүү жана изилдөө катары 60-жж. ортосунан тартып калыптана баштады. Эл аралык Футурологиялык борборлор жана инстшуттар түзүлүүдө: «Келечекти изилдөөнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясы», «Келечекти изилдөөнүн Нордикалык коому», «Дүйнөлүк вахтанын институту», «Рим клубу», «Адамзат 2000», «Ысык-Көл шеринеси». Көп өлкөлөрдө да ушундай эле уюмдар келип чыгууда: «Жакынкы 30 жылдыктын комиссиясы» (Улуу Британия), «Футурибль» (Франция), «Келечектеги изилдөөнүн коому» (Германия). Азыркы мезгилде дүйнодо Ф-лык изилдөөлөрдү иш жүзүнө ашырган 1500дон ашык коом, уюм, борбор жана инстшуттар бар. Алардын ичинен 600дөн ашыгы АКШда жайгашкан. Алардын эң ирилери: Стенфорд жана Гудзон институттарынын борборлору, Портланд, Принстон жана Түштүк Калифорния универсшеттеринин алдындагы келечектеги изилдоо борборлору. Нью-Йорктогу дүйнөлүк тартиптин институту ж.б.

Келечектин проблемаларын изилдөө АКШнын мамлекеттик департаментинин бөлүмдөрүндө, көптөгөн корпорацияларда, ири банктарда ж.б. жүргүзүлөт. АКШда гана Футурологиялык программаларга жьш сайын миллиарддаган долларлар чыгымдалат. Футурологиялык концепцияларды иштеп чыгарууга ири экономистгер, философтор, социологдор, саясат таануучулар, математиктер, физиктер, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлер тартылышат. Атайын журналдар: «Футурибль», «Футурист» ж.б. басылып чыгарылат, көптөгөн белгилүү адабияттар жарыяланат. Эн эле көрүнүктүүсү болуп О. Тоффлердин «Футуршок» (1971) эсептелет.

Бүгүнкү күндөгү Футурологиялык изилдөөлөрдүн актуалдуулугу төмөнкү себептер менен шартталган: 1) социалдык прогноздоштуруунун методологиялык принциптерин (альтернативдик, системалуулук) иштеп чыгуу, прогноздорду түзүү ыкмаларын селекциялоо жана колдонуу жалпы илимий мааниге ээ; 2) Футурология бүгүнкү күндөгү кырдаалдардын маанилүү өнүгүү тенденцияларын изилдейт жана келечекте проблемалардын келип чыгышын алдын-ала айтып берет; 3) Футурология коомдук аң-сезимдин калыптанышына таасир тийгизген жана жагымдуу социалдык идеалды түзүүгө багытталган, батыш социологиянын жана философиянын абдан динамикалык областы. Футурологиялык изилдөөлөрдүн борборунда төмөндөгүдөй маселелер жатат: социалдык түшүнүүнүн жана прогноздоонун методологиялык принциптери; келечектеги коомдун жана конвергенциянын модели; социалдык прогресстин критерийлери, утопиядагы прогресстин орду, «технологиялык жана маалыматтык жарылуулар», ИТР жана агартуунун феноменин изилдөө; глобалдык проблемалар; келечекке карата мамилени калыптандырууда идеопогиянын ролу; Футурологиялык теориялардын классификациясы ж.б. көп мааниге ээ экендигинен улам Футурология «Келечекти изилдөө» деп каралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8