Фуюй кыргыздары
Фуюй кыргыздары (Манжуриядагы кыргыздар) - Кытай Эл Республикасынын Фуюй уездинде монгол, даур, солон жана кытайлар менен жамаатташ жашаган «кыргыз» аттуу этнографиялык топ.
Бул кыргыздардын жалпы саны 1500 чамалуу. Жашы улуулары өздөрүн «кыргыз», кийинки муундар кытай тилинин өзгөчөлүгү менен «тиртиз» (кыт. «цзилицзи») деп аташары маалым. Фуюйлук кыргыздардын аксакалдары берген маалыматтарга караганда, алар бул аймакка (Хэйлунцзян) орус Алтайынан, мындан 300 жыл чамалуу илгери көчүп келишкен экен. Изилдөөчүлөрдүн пикирлеринде кыргыздар Хэйлунцзянга император Цян Лундун тушунда (1736-1796-жж.) көчүрүлгөн.
Иликтөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Фуюй кыргыздарынын Хэйлунцзянга көчүп баруусун 18-к. (1703-ж.) баш чендериндеги энесайлык кыргыздардын Жунгар хандыгы тарабынан зордоп көчүрүлүүсүнө байланыштырышат. Алар бул пикирди тарыхый булактар менен катар, тилдик маалыматтарга таянып айтып келишет. Арийне, кыргыздардан чочулаган монголдор да бир нече ирет көчүрүү саясатын ишке ашырышкан.
Фуюй кыргыздары кошуна жашаган манжур, монгол, даур, эвенктерден жүздөрүнүн ак жуумалдыгы, европалык өңү-түсү менен айырмаланышат. Айрым үй-бүлөлөрдө ак саргыл, күрөң түстүү чачтуу кыргыздар да кездешет. Кошуна турган этнографиялык топтордон кара мал кармашып, сүт жана сүт азыктарын кенен пайдалангандыктары менен айырмаланышат. Сүттөн айран, сүзмөдөн курут жасашат. -з тобуна кирген Фуюй кыргыздарынын тили теги жагынан бүгүнкү хакас, шор, этностук башатынын кыргыздар менен жалпылыгы аныкталып жаткан сарыг югур (сары уйгур), лобнорлуктар менен жакын турат.
Хакас-сагай, шор, хакас-белтир, хакаскачиндердин тили Фуюй кыргыздарынын тили менен өтө жакындыгы илимде далилденип келе жатат. Соңку иликтөөлөр хакаскачиндер менен теңиртоолук кыргыздардын этногенетикалык терең жалпылыктарын аныктады. Мындан сырткары, бири-биринен өтө ыраакта жайгашкан энесай кыргыздарынын урпактары болгон Фуюй кыргыздары, лобнорлуктар, сарыг югурлар, хакастар жана теңир-тоолук кыргыздардын маданий-этностук, өзгөчө тилдик жалпылыктарынын сакталып калуусу илимдеги феноменалдуу жаңылык катары кароого болот. Согушчал, тынчы жок, аскердик-саясий түзүлүшү кубаттуу кыргыздарды алсыратуу максатында монголдор, андан соң жунгар хандары Монголия жана Манжурия тарапка бир нече ирет көчүрүү саясатын турмушка ашырышкан.
Бул маалыматтар Юань династиясынын жыл баяндарында кенен чагылдырылат. Ал эми ошол мезгилдеги энесайлык кыргыздардын жалпы саны 9000 түтүн болушкандыгын немис синологу В.Шотт жана К.И.Петров ж.б. өз учурунда белгилешкен. «Цзилицзилердин (кыргыздардын) каада-салты башка ээликтегилерден таптакыр айрымаланып турат. Алардын тилдери уйгур тилине тектеш.
Цзилицзилер (кыргыздар) алачык жана боз үйлөрдө жашашат. Алар жайыт жана сууга карата көчмөнчүлүк менен күн көрүшөт. Алардын кадыресе жер иштетип, дыйканчылык кылгандыктары жөнүндө бир кыйла маалыматтар бар. Кар түшкөндө жыгач атты (лыжа) минишет жана аны минип аң уулашат. Алардын жеринде асыл тукумдуу ак боз жылкылар, аң уулай турган ак жана кара түстүү бүркүттөр көп тапталат». Кыргыздардын Манжурия тарапка күч менен көчүрүлүүсү жөнүндө төмөндөгүдөй маалыматтар бар:«...1276-ж. Монголияга Хайду-хандын аскерлери чоң жүрүш жасашкан эле. Кыргыз князы наместникке ачык каршы чыга албай, айлакерлик кыла баштады. 1279-ж. кыргыз князы Хао-ли менен сүйлөшүүлөр жүргүзө баштады...
Кыргыздардын Хайдунун тарабына өтүшү, аларды (кыргыздарды) империя тарабынан өлкөнүн туш тарабына аскер айылдары кылып көчүрүп жиберүүсү, кыргыз этносунун башка элдерге жуурулуп кетүү коркунучу себеп болуусу мүмкүн. Аскер айылдарындагы абал өтө оор болгон. «1283-ж. Туле-Тудагы жашаган оокаттуу кишилерге берилчү 600 баш буканы кедей кыргыздарга таркатып берүүгө буйрук берилген.».
«1292-ж. кыпчак Тутуха-нойон Алтай тоолорундагы жерлерди талап-тоноду... Артка тартканда Хэлинге (Каракорумга) кайрыла кеткен. Ушул жерден ал (Тутуха) кыргыздарга (цзилицзиси) ээлик кылууга буйрук алды. 1293-ж. жаз айларында анын аскерлери Цянхэ дарыясынын жээгине чыгып, муздун үстү менен бир канча күндөр жол жүргөндө гана алардын (кыргыздардын) чегине жетишти. (Тутуханын армиясы) бул беш уруулуу элди ээлеп, кайтаруу үчүн аскерлерин жайгаштырды. Тутуха жетишкен ийгиликтерди билдиргенде, бийликтегилер анын кызмат абалын көтөрүүгө чечим кабыл алышты... Хайду кыргыздарды куткаруу максатында Цянхэ (Энесай) дарыясы тарапка аскер жөнөтөт. Тутуха бул аскерди талкалап, аскер башчысы Болочаны туткунга алган эле». Кыргыз жерлери монголдордун Юань империясына кайрадан баш ийдирилген болучу.
Кыргыздардын бир бөлүгү Минусин ойдуңунан жана Тувадан Манжурияга козголоңчу Наян нойондун ээлигине көчүрүлгөн. 1293-ж. бул жерлерге «усухан, ханас, дзилицзиси (кыргыздар) урууларынын өкүлдөрү кечүрүлгөн. »Хубилайдын атайын буйругу менен кыргыздар жана башка уруулар аскер айылдары катары жаңы негизделген Чжаочжоу шаарына отурукташтырылган.
«1293-ж. Ага (Хара-батар) кайрылып, император Ши-цзу (Хубилай) мындай деп айтты: Наянга таандык бул байыркы жерлер Абалху деп аталат жана балык берип турушат. Азыр мен ал жерге шаар тургузуп,анда үч уруу элди жайгаштырдым. Алар юаньсухань, ханастар жана цзилйцзиси (кыргыздар). Бул шаар Чжаочжоу деп аталып калды. Сен ошол жакка жөнөп, сюанвэйшинин (аймактык башкаруучу) кызматын өз колуңа алгын...». Кыргыздардын дагы башка бир бөлүгү «Хасыхэ жерине,» Манжуриянын дагы бир аймагына жайгаштырылган.
«1293-ж. Щи-дзу (Хубилай-хан) Хэсыхэ жерине аскер айылдары катары чжирхэхусотай цирциздердин (кыргыздардын) 700 үй-бүлөсүн отурукташтырууга буйрук берди».
«1295-ж. Цзин-Шан (Алтай) тоолорунда жашаган кыргыздарды Шандун аймагына отурукташтырышып, аларга жер, өгүз жана үрөн таратылып берилди...». Бул аракеттер козголоң чыгарган урууларды бөтөн этностук чөйрөлөргө көчүрүп алсыратуу жана алардын үстүнөн көзөмөл кылуу үчүн жасалган чаралар эле. Бул саясий чаралар император Хубилай өлгөндөн кийин да улантыла берген.
Фуюй уездиндеги кыргыздардын уруулук курамы алты уруктан турат. Алар төмөнкүлөр: Табхын, Табындар, Чигдыр, Сандырдыр, Былтырды, Өрттыр же Кэргэстер. Бул этнонимдердин параллелдери Мөңү-Суг (Минусин ойдуңу, Хакасия) өрөөнүнүн, Кыргызстандын толонимикасында жана бүгүнкү кыргыздардын этнонимиялык аталыштарында чагылдырылат.
1618-ж. Василий Тюменец деген казак-орус атаманы Алтын-хандарга элчилик милдетин аткарганы кетип жатып, Жогорку Абакан суусуна туташ жайгашкан «Табын жери» аркылуу өткөн. Посолдук Приказда «Табын жери» - Кыргыз жеринин бир аталышы, алар Кыргыз жерине, Алтын-хандарга салык төлөп турушат. Табандар (Табын) - бүгүнкү хакас-белтирлердин курамындагы, тагыраак айтканда, Табан аймагындагы кыргыздар менен теги байланыштуу урук. Табандардын бабалары жашаган жер Табан Чул (Табан Суусу), аң уулаган жерлери болсо, Матур дарыясына туташ жерлерде жайгашкан «Табан-Тайга» аймагы болгон. Табандардын кыштоосу «Табан-Чул» деп аталып калган. Фуюй кыргыздарынын «былтырды» аттуу уруусу хакастардагы белтир (пилтир) уруулук тобунун аталышы менен толук дал келет. Бул этностук аталыштын теңиртоо кыргыздарындагы параллели бугу уруусунун курамынан «билдир» формасында кездешери маалым.
Бир негиздүү этнонимдик параллелдердин келип чыгышы кокусунан пайда ббло бербеши ырас. Хакастардын тарыхый фольклору белтирлерди (хак. пилтир) 1703-ж. Жунгарияга күч менен көчүрүлгөн кыргыздардын ата-журтуна кайтып келгендердин урпактары катары баяндайт.«Кыргыз жериндеги» Алтыр улусуна кирген Белтир аймагы орус жазма булактарында 1635-ж. белгилүү жана бул уруу «ак пилтир» жана «кара пилтир» деген топторго бөлүнүшкөн. Маселен, учурда хакас-сагайлардын курамына сиңип кеткен «пилтирлер» сөзү бурят-монгол (калмак) тилдеринде «аралаш», «бир өңчей эмес», «жуурулушкан» деген маанилерди туюнтат. Убакыттын өтүшү менен «пилтир» деген термин этностук аталыш (экзоэтноним) катары калыптанган.
Азыркы учурда тувалар хакастарды «белдир» деп аташары маалым.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.