Фэнтези (англ. fantasy — «фантазия») — мифологиялык жана жомок мотивдеринин негизинде түзүлгөн фантастикалык адабият жанры. Азыркы фэнтези XX кылымдын башында негизделген. Өткөн кылымдын ортосунан баштап фэнтезинин өнүгүүсүнө Джон Рональд Руэл Толкин зор салым кошкон.

Фэнтези.

Фэнтези чыгармалары көбүнчө окуя жалган дүйнөдө өтчү тарыхый-окуялуу роман болушат. Анын каармандары сыйкыр күчтөргө жана жандыктарга каршы турушат. Негизи фэнтези архетипикалык сюжеттердин негизинде түзүлөт.

Фэнтези — кинематограф, живопись, компьютердик жана үстөл оюндарынын жанрлары болуп эсептелинет.