Фёдор Самохин
Кыргызстандын орус жазуучусу
Фёдор Самохин (орус. Фёдор Иванович Самохин; 12-февраль 1918 Верхне-Садовский - 17-июль 1992 Бишкек, Кыргызстан) — Советтик орус жазуучусу, журналист, публицист жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1958-жылдан). Улуу Ата Мекендик Согуш жөнүндө бир катар көркөм чыгармалардын автору, алардын ичинен эң атактуусу Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги жөнүндө бир нече жолу басылып чыккан. Көркөм өнөр жаатындагы сиңирген эмгеги жана Кыргыз Совет адабиятын пропагандалоого жана өнүктүрүүгө жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун үч Ардак грамотасы менен сыйланган.
Фёдор Самохин | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
хут. Верхне-Садовский, Войска Донского облусу |
Өлгөн датасы: | |
Өлгөн жери: | |
Жарандыгы: | |
Ишмердүүлүгү: |
жазуучу |
Чыгармачылык жылдары: |
1949—1992 |
Чыгармаларынын тилдери: | |
Чыгармалары Уикитекада. |
Шилтемелер
түзөтүү- Самохин Фёдор . Советтик Кыргызстан жазуучулары (био-библиографиялык маалымдама)
- Самохин Фёдор . Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы: Энциклопедия