Хабаровск (1880-93-ж. чейин Хабаровк а) - Орусыядагы шаар.

Хабаровск (2005).

Хабаров крайынын адм. борбору. Ыраакы Чыгыш федерация округунда. Калкы 593,6 миң (2013). Т. ж. бекети. Эл аралык аэропорту бар. Амур д-ндагы порточо Ыраакы Чыгышдагы экономикалык, транспорт, саясий жана маданий ири борбору.

Машина куруу («Дальэнергомаш», «Дальреммаш» ж. б. заводдор), металл иштетүү, кеме куруу, нефть ажыратуу, химиялык, жыгаччылык, тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖдор (а. и. университеттер, дене тарбия академиясы ж. б.), театрлар (драма жана комедия, пантомима, куурчак ж. б.), музейлер (край тануу ж. б.), храмдар, соборлор, тарыхый-маданий эстеликтер ж. б. бар. 1858-ж. аскер посту катары негизделген. Орус саякатчысы Е. П. Хабаровдун ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4