Хабиб Нурмагомедов

Орусиялык мушкер

Хаби́б Абдулмана́пович Нурмагоме́дов (авар. ХIабиб Нурмухlамадов) — 1988-жылы 20-сентябрда Орусия Федерациясындагы Дагестан Республикасынын Сильди айылында туулган. Орусиянын "ММА" балбаны, UFCге жеңил салмак боюнча катышат.2017-жылдын декабрь айына карата, UFC рейтингинде расмий түрдө экинчи сызыкты ээлейт. Улуту-"Авар"

Хабиб Нурмагомедов
Жеке маалыматы
Жынысы

эркек

Жарандыгы

Орусия

Жашаган жери

Махачкала, Дагстан, Орусия

Чеберчилиги

самбо, дзюдо, грэпплинг

Төрөлгөн датасы

20-сентябрь1988-жылы

Төрөлгөн жери

Сильди, Цумадин району, Дагестан АССР, СССР

Спорттук карьерасы

2008–2020

Машыктыруучулары

Абдулманап Нурмагомедов,
Хавьер Мендес

Lua error in mw.text.lua at line 25: bad argument #1 to 'match' (string expected, got nil).

Khabib Nurmagomedov

Өмүр баяны түзөтүү

Хабиб 1988-жылы 20-сентябрда Орусия Федерациясындагы Дагестан Республикасынын Сильди айылында туулган. Улуту — авар. Атасы Абдулманап Нурмагомедов эркин күрөш жана самбо боюнча Украинанын чемпиону. Атасынын агасы күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиону. Таякеси эркин күрөш боюнча спорт чебери. Хабиб иниси менен беш жашынан тарта атасынын колунда машыга баштаган. 2013-жылы үйлөнгөн.

UFCге келүү баяны түзөтүү

2001-жылы Хабибдин үй-бүлөсү Махачкалага көчүп келет. Атасы ал кезде күжүрмөн самбо боюнча да машыктыруучу болуп калган. Ошол кезде Хабибдин балбан катары килем үстөндө гана жүрө бербестен, ММАге да кызыгуусу арта баштайт. 2005-жылы спорттун самбо жана дзюдо түрлөрү менен машыккан.

2012-жылы дүйнөдөгү беделдүү делген америкалык UFC уюмунда тушоосун кесип, биринчи беттешинде эле атаандашын жеңип алган.

2014-жылы UFC уюмунун турниринде америкалык мушкер Тони Фергюсон менен беттеш пландаштырылып, бирок Хабиб тизесинен жаракат алганына байланыштуу мушкерлер октаганондо жолукпай калган. Кийинки жылы да спортто жолу болбой, кабыргасынан жаракат алып, тыным алуусу созулуп кеткен.

2016-жылы кайрадан Тони Фергюсон менен беттеш пландаштырылып, бирок бул жолу атаандашынын жаракатына байланыштуу ой ишке ашпай калган

2017-жылы дагы бир жолу Тони Фергюсон менен беттеш пландаштырылып, бирок кайрадан Хабибдин ден соолугуна байланыштуу октагонго чыкпай калышкан. Орусиянын командасы мушкер салмак кууйм деп машыгууну ашыкча өткөргөндүгү үчүн саламаттыгы начарлады деп билдирген. Хабиб жылдын аягында UFC уюмунун алкагында бразилиялык Эдсон Барбозаны калыстардын чечими менен жеңип алган.

2018-жылы 7-апрелде кайрадан UFC уюмунун учурдагы чемпиону Тони Фергюсон менен беттеш пландаштырылган.

Титулдары жана жетишкендиктери түзөтүү

2005-2008 жылдары уруш түрүндөгү самбо боюнча Россиянын жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону, панкратион боюнча Атриум Кубогунун жеңүүчүсү аталып, ММА боюнча алгачкы жолу профессионалдар арасында CSFU: Champions League турниринде утушка ээ болгон. NAGA Grappling боюнча дүйнө чемпиону аталып, M-1 Global уюмунда бир нече беттеш өткөргөн.

Дүйнөлүк Sherdogg порталынын маалыматы боюнча 25 жолу профессоналдуу беттеште утуп, бир дагы ирет утулуп же тең чыгып көргөн эмес. 25 беттештин тогузун атактуу делген UFC уюмунда өткөргөн.

2016 — "EAGLES MMA" спорттук клубун негиздеген. Анын спорттогу каймана аты да Eagle (Бүркүт)

Жеке жашоосу түзөтүү

Хабиб ислам динин бекем кармангандыктан, жеке жашоосу тууралуу кеп кыла бербейт. Үлпөт тою болгондо жубайынын бетин ак паранжа менен жаап көрсөткөн эмес. Азыр да жубайы, бала-чакасы коомчулуктан оолак. 2015-жылы кыздуу, 2017-жылы уулдуу болгон. Хабиб Америкада машыгат, бирок үй-бүлөсү дайыма Россияда болот. Бул тууралуу "жубайым менен бир жактарга эс алууга чыгышым мүмкүн. Бирок ал мага машыгуу учурунда тоскоол болот. Негизи эле беттешке даярданууда аял ашыктык кылат… Ийгиликке жетем десең, оюңдун баары бир гана спортто болушу керек. А жубайым мен үчүн дуба кылып үйдө отурат" деп айтканы бар.

Социалдык тармактарда түзөтүү

Анын Instagram баракчасына жазылгандардын саны 3 миллиондон ашат. Күйөрмандарынынын басымдуу бөлүгү спортко ышкыбоз балдар жана алардын ата-энелери. Баракчасына спортко байланыштуу жаңылыктары, машыгуулары менен бөлүшүп турат.

Шилтемелер түзөтүү