Хавазов Якуб Диказович (Хуэщир)

(1922–2002)

Жазуучу Якуб Хавазов Пишпек шаарында 1922-жылы жалган куран айынын 15 (февраль) туулган. 1936-жылы Кыргыз педтехникумунун даярдоо бөлүмүндө окуган. 1939–1941 жылдары Фрунзедеги С.М.Киров атындагы айыл чарба техникумунда, 1948–1950 жылдары Кыргыз КСРинин республикалык өспүрүмдөр мектебинде, 1959–1964 жылдары. Алма-Атадагы Жогорку партиялык мектепте окуган.
Эмгек жолун 1941-жылы колхозчу болуп иштөө менен баштаган. 1942-жылы Кеңештик Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде офицердик чинде 1-Прибалтикалык фронттун курамында Көнигсбергге чейин жеткен. 1946-жылдан сельпонун төрагасы, Киркоопин кеңешинин соода инспектору, 1950-жылдан Фрунзедеги «Ала-Тоо» кинотеатрынын мүдүрү, 1954-жылдан Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын башкы акими, 1959-жылдан «Шыйуэди чи» аттуу дуңган гезитинин жооптуу катчысы, 1964-жылдан кабарчы, өз кабарчы, 1985-жылдан редактору болгон.
Я.Хавазов М.Шолоховдун «Судьба человека», Д.Фурмановдун «Красный десант», «РВС» аттуу чыгармаларын, Ленин жөнүндө аңгемелерди, Ч.Айтматов, К.Каимов сыяктуу кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын дунган тилине которгон.
Жазуучунун биринчи китеби – «Судьба Халичи» аттуу аңгемелер жыйнагы 1975-жылы орус тилинде чыккан. 1977-жылы «Долг» аттуу повесттер жана аңгемелер жыйнагы дунган тилинде жарык көргөн.
Ал публицистикалык очерктердин, макалалардын автору. 1967-жылы «Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамы берилген.
1959-жылдан КСРБ Журналисттер кеңешинин, 1980-жылдан КСРБ Жазуучулар кеңешинин мүчөсү.
Ата Мекендик согуштун I – II даражадагы ордендери, «Москваны коргогондугу үчүн», «Көнигсбергди алгандыгы үчүн», «Каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз КСРинин ЖКсынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Китептер түзөтүү

Орус тилинде

Судьба Халичи: Рассказы. – Ф.: Мектеп, 1975. – 111 с.

Становление: Повести /Пер. с дунг. А. Сальникова. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 160 с.

Дунган тилинде

Долг: Повесть и рассказы.– Ф.: Кыргызстан, 1977. – 108 с.

Становление: Повести.– Ф.: Кыргызстан, 1984. – 160 с.

КОТОРМОЛОРУ

Рассказы советских писателей. – Ф.: Мектеп, 1979. – 152 с.